Виндзорлор династиясы


Виндзорлор династиясы – 1901-жылдан такка келген англиялык королдор династиясы (тектүү немецтик Кобург тукумунан тараган, ошондуктан 1901-жылдан Саксен-Кобург-Гот, 1917-жылдан В. д. аталган). Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда антигермандык маанай күчтүү болгондуктан, королева Виктория менен немис принци Альберт Саксен-Кобург-Готскийдин никелешүүсүнө байланышкан немистик титулдарын король Георг 5 алып салууну чечкен. Виндзорлор династиясы аталышы узак убакыт бою британдык монархтардын резиденциясы болуп келген Беркширдеги Виндзор сепилинин атынан аталган. Өкүлдөрү: Эдуард 7, Георг 5, Эдуард 8, Георг 6. Учурда башкарып жаткан королева Елизавета 2 (1952-ж. такка отурган) Виндзорлор династиясынын акыркы өкүлү болуп саналат, анын уулдарынын биринин такка келиши менен жаңы династиянын башкаруусу башталат.

2016-08-11 73 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11