Вилюй


Вилюй (якутча Билю) – Якутиядагы дарыя, Ленанын сол куймасы. Узундугу 2650 км, алабынын аянты 454 миң чарчы/чакырым. Ортоңку Сибирь бөксө тоосу жана Борбордук Якут түздүгү аркылуу агып өтөт. Чернышевский кыштагы тушта ГЭС жана суусактагыч курулган. Негизги куймалары: Чона, Улахан-Ботуобуя, Оччугуй-Ботуобуя (оң), Ыгыатта, Марха, Тюнг (сол). Орточо чыгымы 1480 м3/сек. Октябрдын ортосунан майдын орто ченине чейин тоңот. Чатынан 1371 кмге (суусактагычтан суу коё берилгенде Чернышевский кыштагына чейин) кеме жүрөт. Балык (осётр, таймень, ленок, нельма, чир) кармалат. Башкы порттору: Чернышевский, Нюрба, Вилюйск.

2016-08-11 37 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11