Видугирис Альгимантас Стасевич



Альгимантас Станиславас (Стасевич) Видуги́рис - (лит. Algimantas Vidugiris, 1936—2010) — совет жана кыргыз кинодраматургу, кинорежиссёру жана кинооператору, публицист, окумуштуу, академик. Улуту боюнча литовдик. Кыргыз ССРнин эл артисти (1982).

1936-жылдын Кулжанын 21инде Родился 21 июня 1936 года в Каунасе в семье землемера Стасиса Видугирис (Stasys Vidugiris) жана Геновайте Видугирененин (Genovaite Vidugirene) үй-үлөсүндө Каунаста туулган. Литванын Укмерг шаарчасында өскөн.

1962 жылы ВГИК операторлор факультетин аяктаган (Л. В. Косматовчеберканасы).

1962 жылыу «Кыргызфильм» киностудясында курсташы И. Моргачев менен бирге тарткан «Обращенные к солнцу» документалдуу тасмасы менен өзүн тааныткан.

1968 жылы кностудияга көптөгөн сыйлыктарды алып келген «Замки на песке» кыскаметраждуу тасмасы чыгат.

В 1969—1970 жылдары өз акчасына «коммунизмдин курууларынын» натыйжасынын экологиялык көйгөйлөрүн чагылдырган «Через сто лет потомки скажут…» аттуу эскертүү-тасмасын тартат. Тасмага тыюу салынып, бардык эмгектер жок кылынган.

СССР кулаган соң кыргыз киносу аксап баштайт. Ошол учурда Видугирис Евразия элдеринин этнографиясын изилдеп, эки томдуу «Химеристика, логико-рационалистическое конструирование и мифическое создание художественных образов» аттуу илимий эмгегин жарыкка чыгарат.

30-жылдан ашык анын тасмалары бүткүл орусиялык кинематография институттунун окуу программасына кирет. Режиссура боюнча экзамендик суроолордун бири «А. Видугиристин чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү» деп аталат.

Анын эмгектери Москвада В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университетинин «Журналистика» факультетинин, Сценаристтердин жана режиссерлордун жогорку курстарынын жана Польша, Литвадагы бир нече киномектептеринин жана факультеттердин окуу программасына кирет.

Москвада, Будапештте, Алма-Атыда, Вильнюсте ар жылдары студенттерге лекция окуган, Берлин, Вильнюс, Дамас, Каир, Калькутта көрүүчүлөр менен жолугушууларды өткөрүп келген. А. Видугиристин бардык негизги тасмалары Литванын телеканалдарында берилген.

Видугирис көп жылдар бою Евразя элдеринин этнографиясын изилдөөлөрүн жүргүзөт. 1988-1992 жылдары СССР борбордук телевидениясындагы (учурдагы Орусиянын биринчи каналы) «Забытые боги Евразии» аттуу илимий телефильминин циклинин авторлорунун бири.

Чыгармачылыктын псилогиясынын эки томдуу изилдөөлөрүнүн автору. 2007-жылы Казакстандагы Искусство Академиясында, Москвадагы В. Ломоносов атындагы ММУда жана БМКИде, Вильнюстагы Музыка Академиясында «Конструирование мифопоэтического образа» аттуу изилдөөлөрүнүн лекциялары окулган.

«Химеристика, логико-рационалистическое конструирование и мифическое создание художественных образов», «Гибель Прометея» илимий эмгектердин автору.

1996—2000жылдары Кыргызстандын кинематографисттердин биримдигинин Секретары.

Улуттук киноискусства академиясынын Академиги, Президиумдун мүчөсү.


«Тэффи» ыйгаруу Америкалык телевизиондук Академиясынын жюри мүчөсү (2004),«Шакен жылдыздары» кинофестивалинин жюри мүчөсү (Алма-Аты 2004), «Киношок» кинофестивалинин жюри мүчөсү (Анапа 2009).

Альгимантас Видугиристун кызы — Айгуль Сартбаева жана баласы Стасис Видугирис бар.

2016-08-11 77 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11