Viber


Viber — смартфондр үчүн проприетардык мессенджер. Тексттик, аудио жана видео каттарды жөнөтө алат. Клиент Windows, OS X, Linux, Android, BlackBerry OS, iOS, Series 40, Symbian, Bada жана Windows Phone платформаларында иштей алат.

Viber орнотулган «акылдуу» телефондор арасында Wi-Fi, 3G жана 4G тармагы аркылуу бекер чалууга, CМC-билдирүүлөрдү, сүрөттөрдү, видео жана аудио билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Мында болгону интернетти пайдаланууда жергиликтүү оператор тарабынан акы алынат. Компанияга киреше алып келүүсү үчүн Viber Out кызматы бар. Бул кызмат аркылуу колдонуучулар Viber`и жок абоненттерге арзан баада эл аралык жана жергиликтүү чалууларды жүргүзө алышат. Бирок Viber'дин бул акы төлөөнүүчү чалуулары Скайпка салыштырмалуу бир аз кымбат. Программанын башкалардан айырмачылыгы – колдонуу усулу эң жөнөкөй. Ушунусу менен ал Скайпты четке сүрүүдө. Болгону интернеттен Viber`ди көчүрүп аласыз. Андан соң программаны иштетип, ага өлкөңүздү жана телефон номуруңузду жазсаңыз, сизге СМС аркылуу активдештирүү коду келет. Аны киргизген соң программа сиздин телефондун дарек китепчеси менен биригип, андагы Viber`ге туташкан номурларды өзү табат.

Skype менен Viber’дин Кыргызстандан чет өлкөлөргө чыккан акы төлөнүүчү чалуулары боюнча бааларын салыштыруу

Кыргызстага чет өлкөдөн чалуу баасы

«Viber Media» компаниясынын негиздөөчүлөрү – Игорь Магазинник жана Тальмон Марко. Компаниянын башкы кеңсеси Кипрде, программаны иштеп чыгуу борборлору Беларуста, Кытайда жана Израилде жайгашкан Игорь Магазинник Орусияда туулуп-өскөн. Ал 1991-жылы Израилге жер которуп, ал жактан компьютер жаатында билим алган. Учурда Израилде жашап, иштейт. Израилде туулуп-өскөн Тальмон Марконун да кесиптик иши маалымат технологияларына байланышкан. Программаны түзүүгө чейин ал Израилдин куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылыгында 1993-жылдан 1997-жылга чейин IТ-директор катары эмгектенген. 2014-жылдын февралына чейин «Viber Media`нын» ири үлүшкерлери израилдик үй-бүлөлөр Шабтай (55,2 пайыз үлүш) менен Марко (11,4 пайыз) жана америкалык «IRS West» (12,5 пайыз) компаниясы болуп келген. Февралдан тарта компаниянын 100 пайыз үлүшү толугу менен жапон миллиардери Хироси Микитанинин «Rakuten» компаниясына өткөн. Миллиардер Viber`ди сатып алууга 900 миллион долларын аяган эмес. Буга чейин бул программаны 400 миллион долларга кытайлык «WeChat», жапондук «Line» жана Түштүк Кореянын «KakaoTalk» сыяктуу компаниялары сатып алууга даяр экендиги тууралуу маалыматтар жарык көргөн. Бирок ар бир кадамын миллиметрине чейин өлчөгөн израилдиктер аталган баага ыраазы болгон эмес.

2016-08-11 64 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-11