Ветеринария-санитариялык көзөмөл


Ветеринария-санитариялык көзөмөл — мал чарбачысында, жаныбардан алынган прокдуцияны жана сырьёну кайра иштетүүчү өнөр жайда, аларды ташууда, сатууда, жаныбарларды жана алардан алынган продукцияны экспорттоодо жана импорттоодо вет.-санитардык норма жана эрежелердин сакталуусун байкоочу орган. Ошондой эле ошол продукциялардын санит. сапатына да жооп берет. Ветеринария-санитариялык көзөмөлүнүн ветеринардык адистери өзүнө караштуу объектилерди такай көзөмөлгө алат. Анын натыйжасында тиешелүү эрежелерге таянып норманын чегинен чыккан продукциялардын абалын жана сапатын аныктайт. Бул көзөмөлгө эт ж. б. тамак-аш продуктуларын изилдөө ветеринардык закон талап кылгандай ар бир жаныбардан алынган продукцияны текшерүү, тамак-ашка колдонууга мүмкүн болбогон жана адамга зыяндуу продукцияларды жана сырьёну конфискациялоо, жок кылуу, утилдөө жана зыянсыздандыруу иш-чараларын уюштуруу кирет. Мал чарбасында ветеринария-санитариялык көзөмөлдөөнүн негизги ролу курулуш каражаттарын же өндүрүш объектилерин колдонбоо жөнүндө тыянак берүү, жагымсыз тоют жана сууну колдонууга тыюу салуу, мал ташуу жана мамлекеттик чек арадан чыгаруу же чыгарбоо боюнча чечим кабыл алуу, тиешелүү ылаңдарга шектүү деп эсептелген зонадан мал продукциясын жана сырьёну ташуу жана колдонуу иш-чараларын иштеп чыгуу жана көзөмөлдөө. Бул көзөмөлдү атайын ветеринардык-санитардык ишканалардын ветеринар адистери жүргүзөт. Ветеринария-санитариялык көзөмөл ветеринардык-санитардык эрежелерди бузган тарапты административдик жоопко тартуу укугуна ээ. Ветеринария-санитариялык көзөмөл санитардык эпидемологиялык кызмат менен бирдикте иш жүргүзөт.

2016-08-10 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10