Вересиев Викентий Викентьевич


Вересиев Викентий Викентьевич - (өз фамилиясы Смидович) 4 (16). 1.1867, Тула 3.6.1945, Москва орус жазуучусу, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1945). Петербург университетинин тарых-филология факультетин (1888), Дерпт университетинин медицина факультетин (1894) бүткөн. «Туюкта» (1895), «Лизар» (1899) аттуу аңгемесинде, «Врачтын жазгандары» (1901), «Согуш жөнүндө аңгемелер» (1906), «Турмушка карай» (1909) повесттеринде 19-20-кылымдагы интеллигенциянын изденүүлөрү чагылдырылган. Ф. М. Достоевский, Л. Н. Толстой жөнүндө философиялык чыгармаларын жарыялаган. Октябрь революциясынан кийин «Эже-сиңди» романын, Пушкин («Пушкин жөнүндө», 1926-27, «Пушкиндин сапарлаштары», 1936-37), Гоголь жөнүндө эмгектерди жазган, ошондой эле бир катар антикалык авторлордун чыгармаларын которгон. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

2016-08-10 52 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10