Венюков Михаил Иванович


Венюков Михаил Иванович (1832-1901), орус саякатчысы, аскер географы, аскер кызматчысы, орус армиясынын генерал-майору. Өз доорунун өтө билимдүү, эрудициясы күчтүү илипоздорунун жана саясатчыларынын бири. Россия Империясынын тышкы саясаты, өлкөнүн батыш мамлекеттери, Чыгыштагы Кытай, Япония өлкөлөрү ж. б. маселелери боюнча адиси болгон. Эл аралык калыптанган саясий-экономикалык, аскердик кырдаалды мыкты түшүнгөн, аларды илимий монографиялар катары жарыкка чыгарган илим адамы, изилдөөчүсү. Анын Россия Империясынын Азиядагы, анын ичинде Орто Азияга карата тышкы саясаты, орустардын Орто Азияны көздөй жылуусу, аны басып алуусу боюнча эмгектерди жазган. Россия империясынын Кытай (Цинь Кытайы), Япония менен болгон мамилелерин да изилдеген окумуштуу катары белгилүү. Эмгектери чет өлкөлөрдө жарыкка чыгып, кызуу талкууларды жараткан.

М. И. Венюков 1832-ж. Рязань губерниясында дворяндын үй бүлөсүндө туулган. Алгачкы билимди үй шартында алып, 13 жаштагы В. И. Венюков Кадет корпусуна кабыл алынат 1850-ж. Дворян полкун аскердик чин менен аяктап чыккан. 1856-ж. Санкт-Петербург университетин жана Генералдык штабдын Академиясын аяктап чыгып, андан кийинки тагдыры илимий багыттагы саякаттар, жүрүштөр менен байланышкан. 1857-ж. М. И. Венюков поручик чини менен Чыгыш Сибирь аскерлеринин штабына жиберилет. Жаш офицердин зиректигин жана билимдүүлүгүн баамдаган губернатор Н. Н. Муравьев аны Амур тарапты изилдөөгө сунуш этет. Ага Ыраакы Чыгыштагы чек ара топографиялык карталарын түзүү, аскердик статистика, жана жаңы жерлерге отурукташтырууну изилдөө маселелери тапшырылат. Санкт-Петербургда белгилүү саякатчы Г. И. Невельский менен таанышат. Андан соң, 1858-ж. атайын жабдылган топ менен Уссуриден Сихотэ-Алиньге чейин 700 чакырым жүрүш жасаган. 1857-1863 жж. Амур, Уссури, Забайкалье, Ысык-Көл, Теңир Тоо, Алтай, Кавказды изилдегендиги маалым. 1868-1869 жж. Кытай жана Японияны кунт коюп изилдеген. 1874-ж. М. И. Венюков Түркиянын (ал кездеги Осмон империясы) Азиялык тарабында болот, ошол эле жылы генерал-майор аскер чинин алган эле. Анын илимий макалалары "Военный сборник", "Русский инвалид", ИРГО, "Русский мысль" ж. б. журнал, жыйнактарга байма-бай жарыяланып турган. Анын кийинки өмүрү Франция, Швейцария, Англияда өткөн. Ал Африка, Түндүк жана Түштүк Американы изилдеп, көп сандаган географиялык, аскердик маанидеги эмгектерди жарыкка чыгарган. Өмүрүнүн акырында жалгыз жашаган М. И. Венюков өз китепканасын, акчалар каражатын окуган, туулуп-өскөн жерине, ИРГОго керээз калтырган. Окумуштуу жана аскер адамы М. И. Венюков 1901-ж. 17-июлунда Парижде дүйнөдөн кайткан.

2016-08-10 58 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10