Венгриядагы козголоң


Венгриядагы козголоң - 1956-ж. 23-октябрда өлкөдө экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүү талабын койгон массалык демонстрация менен башталган. Демонстрацияга чыккандар Венгрия аймагынан советтик аскерлерди чыгарып кетүүчү жана өкмөт башчылыгына Имре Надды кайра коюуну талап кылышкан. Демонстрациянын жүрүшүндө эл менен аскерлердин ортосунда кагылышуу башталган. Кийинки күнү Надь өкмөт башчысы болуп дайындалган жана ал реформаларды жүргүзүүнү колдоп чыгып, Венгриянын Варшава келишим уюмунан чыккандыгын жарыялаган. Ошол эле учурда Я. Кадар жетектеген компартиянын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү советтик жетекчилик менен байланышып, И. Надды бийликтен алуу планын иштеп чыккан. 4-ноябрда Венгриянын аймагына советтик аскерлер киргизилип, Будапешт алынат. Бир нече миңдеген венгрлер курман болгон, 200 миңге жакыны эммиграцияга кеткен. И. Надь жана козголоңдун башка жетекчилери жашыруун түрдө камакка алынып, өлтүрүлгөн.

2016-08-10 65 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10