Венецианов


Венецианов, Алексей Гаврилович (1780–1847) – орус сүрөтчүсү, орус живописиндеги турмуштук (бытовой) жанрга негиз салуучулардын бири. Петербург көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1811). В. Л. Боровиковскийден окуган. Алгачкы мезгилде лирикалык портреттер, 1812-жылдагы согуш учурунда француз жана галломан дворяндардын карикатураларын тарткан. 1819-ж. Сафонков кыштагына көчүп кетип, кыштак турмушунан сценаларды, дыйкандардын портреттерин тартат ("Кызылча тазалоо", 1822, "Помещицанын таңы", 1823–24, "Кош айдоо. Жаз", 1820-ж., "Орок оруу. Жай", 1820-ж., "Карыя дыйкандын башы", 1825-ж. ж. б.). В. өз чыгармачылыгында чындыкты чагылдырууга умтулган.

2016-08-10 77 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10