Векуа Илья Несторович


Векуа Илья Несторович – (23.4(6. 5).1907, Грузия, Шешелеты айылы 2.12. 1977, Тбилиси) орус жана грузин математиги жана механиги, СССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1946), академиги (1958) жана ГССР ИАнын академиги (1946), Социалистик Эмгектин Баатыры (1969). Тбилиси университетин бүтүп (1930), Тбилиси университетинде, ГССР жана СССР ИАда. Новосибирск университетинин ректору (1959-64), Тбилиси университетинин ректору (1965-72), 1972-жылдан ГССР ИАнын президенти. Векуанын негизги эмгектери азыркы математикалык физиканын жаңы илимий багыттарына, айрым туундулуу дифференциал теңдемелер боюнча эмгектери эллипс тибиндеги теңдемелердин кеңири классынын анализдик теориясын түзүүгө арналган. Векуа бир өлчөмдүү сингулярдык интеграл теңдемелер теориясына ири салым киргизген, фредсольмдук эмес эллипстик чет маселелердин жаңы түрүн ачкан жана изилдеген. СССР мамлекеттик (1950) жана Ленин сыйлыгынын (1963) лауреаты. Беш Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

2016-08-10 32 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10