Василевский Михаил Григорьевич


Василевский Михаил Григорьевич (1932-жылы туулган, Сахалин аралындагы Широкая Падь кыштагы) - медицина илимдеринин доктору (1999). Благовещенскпй ММИни бүтүргөн (1959). Чита мединститутунда ассистент, доцент, облустук онкология диспансеринде радиолог-врач, Семипалатинск мединститутунда КММИде (1976-84) кафедра башчысы, КР УОБдо жетектөөчү илимий кызматкер (19842003). Акушерлик жана гинекология, неонтология, зыяндуу шишиктердин статистикасы жана эпидемиологиясы, саламаттык сактоону уюштуруу боюнча адис. 2003-жылдан алдын алуу медицинасы боюнча илимий өндүрүштүк бирикмеде илимий консультант болуп иштейт. Василевский бийик тоо шартында онкология жана тобокелдпк теориясынын, ошондой эле жугуштуу эмес өнөкөт оорулардын резервометриясына негиз салуучулардан болуп саналат. 132ден ашык илимий эмгеги, 1 монографиясы бар. Эмгеги: Эпидемиология рака шейки матки в Кыргызстане. Б. 1996.

2016-08-10 23 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10