Васильевка Аламүдүн району


Васильевка - Аламүдүн районундагы Васильевка айыл советине караштуу кыштак. Ленин атн. көздун аймагында, Чуй суусунун сол жээгинде жайгашкан. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 32 км түндүк-батыш тарапта, Пишпек темир жол станциясынан 40 км. 1903—05-ж. негизделген. Калкы 2972 (1986), негизинен мал чарбасында эмгектенишет. Кесиптик-техникум окуу жай, орто мектеп, балдар бакчасы, оорукана, аптека, клуб, китепкана, универмаг, турмуш - тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Советтик Союзунун Баатыры И. А. Гришин туулган. Калкы - 3 661 киши.

2016-08-10 57 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10