Ванадий кенташтары


Ванадий кенташтары - курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө ванадий металлы бар минералдардын жаратылыштагы чогундусу. Ванадий кенташтарынын негизги минералдары: ванадинит (курамында V2O5-11-19%), деклуазит (16-23%), кульсонит (15% ке чейин), карнотит (16-21%), роскоэлит (21-29%), патронит (929%). Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка өнөр жайлык маанидеги минералдары болуп титаномагнетит менен магнетит эсептелет. Алардагы V2O5-0,1-4,9%. Ванадий кенташтарынын курамында ванадийден башка Fe, Ti, Pb, Zn, Cu, Mo, Al жана башка да болот. Ванадий кенташтарынын кендери эндогендик жана экзогендик болуп бөлүнөт. Эндоген кендери ультранегиздүү, жегичтүү тоотектер менен байланыштуу болуп, магма, метасоматоз жана гидро-термикалык процесстердин натыйжасында пайда болот. Алар ванадийге анча бай эмес (V2O5-0,1-1%), бирок запасы мол. Экзоген кендери коргошун-цинк жана жез кенташтарынын кычкылдануу зонасында (V2O5-2-10%), ванадийлүү фосфоритте (0,1-1%), ванадийлүү нефтиде (5-58%), асфальтитте (50% ке чейин), титан магнетиттүү кен чачындысында (0,3%) жана башка кезигет. Алар оолиттүү күрөң темир кенташтарында (V2O50,07-0,4%), көмүртек-кремнийлүү сланецтерде (0,2-1,5%), бокситтерде (0,02-0,04%), көмүрлүү жана күйүүчү сланецтердин күлүндө (0,2%), океан түбүндөгү темир-марганец конкрецияларында (0,1%) да болот. Булардын курамында V2O5 аз болгону менен запасы мол. Запасы 1 млн о дан ашат (Урал-Россия, Түштүк Африка Республикасы), ири кендериники 10 миң о. Дүйнөлүк запасы 60 млн о, анын 90% Россия, Түштүк Африка Республикасы, Венесуэла, АКШ жана Кытайда. Кыргызстанда Ванадий кенташтары негизинен көмүртек-кремнийлүү сланецтер формациясында кеңири таралган.

2016-08-10 96 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10