Ван Гог Винсент


Винсе́нт Ви́ллем Ван Гог (нидерланд тилинде Vincent Willem van Gogh, 30 март 1853, Грот-Зюндерт, Нидерланддар — 29 июль 1890, Овер-сюр-Уаз, Франция) — бүткүл дүйнөгө атагы чыккан нидерланддык сүрөтчү.

Дин кызматкеринин үй-бүлөсүнөн. Жаш кезинде сүрөт сатуучу фирмада жана чиркөөдө кызмат кылган. 1881-1885-жылы Голандияда жашаган. 30 жашында сүрөт тарта баштаган. Адепки чыгармаларында карапайым адамдардын турмушун чагылдырган. XIX-кылымдагы сынчыл реализмдин салттарын жолдоп, Кыйынчылыкта жашаган элдин абалын көрсөткөн эмоциялуу, курч психологиялык образдарды түзгөн.

1886-1888-жылдары Парижге келип, импрессионисттик живопись менен япон гравюрасын үйрөнгөн, франсуз художниктеринен таалим алган. Бу жерден көптөгөн пейзаж, портрет, натюрмортторду жараткан.

1880-жылдар ̶ Ван Гогдун зор чеберчилике жетишкен учуру. Анын чыгармачылыгына ачык боёктуулук, курч эмоциялуулук, драматизм, социалдык нааразылык, өзүнчө ыкмалар мүнөздүү. Ван Гог чыгармачылыгынан европа маданиятытын тарыхындагы татаал, бурулуш учур жана XIX-кылымындагы реализм менен буржуазиялык гуманизмдинкризиси даана байкалат.

2016-08-10 49 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10