Вальядолид


Вальядолид - Испаниянын Түштүк бөлүгүндөгү шаар. Эски Кастилия тарыхый аймагынын негизги шаары жана Вальядолид провинциясынын административдик борбору. Калкы 332,9 миң (2006). 1074-жылдан эскерилет. Машина куруу жана трактор кураштыруу, металлургия (болот, алюминий эритилет), тамак-аш (негизинен ун), химиялык (азот жерсемирткичи), жүн, булгаары өнөр жайы, Университет, король сүрөт академиясы, калк китепканасы, музейлер бар, темир жол жабдуулары чыгарылатынча Зергерчилик өнүккөн. Санта-Мария ла Антигуа (11-14-кылым), Сан-Пабло (15-кылым, платереско стилинде), Сантьяго жана башка чиркөөлөр, галерея менен тегерете курчалган Пласа Майор аянты (16-кылым) жана башка сакталган. X. Колумбга эстелик тургузулган (ал ушул шаарда каза болгон).

2016-08-10 25 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10