Валиулина Гүлчахра


Валиулина Гүлчахра (Гульчира) (1923-жылы туулган, Челябинск облусу, Ичкин айылы) ырчы, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1963). Бишкектеги татар-өзбек мектебинде окуган. 1940-жылы Кыргыз филармониясынын бий ансамблине кабыл алынган. Кийин ырчылык кесипке өткөн. Ж. Шералиев, К. Молдобасанов, А. Малдыбаев, А. Аманбаев жана башка композиторлордун ырларын тунук, мукам үнү менен чебер аткарган. Айрыкча Ж. Шералиевдин «Түшүмдө», «Белегиң», «Сулуу кыз», А. Малдыбаевдин «Эмне үчүн», «Фрунзем», К. Молдобасановдун «Өрттөнсүн бозой жалынга», «Селкиге», Н. Давлесовдун «Жылкычы бозой», «Саанчы жеңе» жана башка ондогон ырлары В-нын аткаруусунда кыргыз ырларынын классикасына айланган. 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз ад-ты менен искусствосунун онкүндүгүнө катышкан. СССРдин курамындагы союздук республикалардын бардык шаарларында гастролдо болгон. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.

2016-08-10 26 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10