Валиканов Чокан



Валиканов, Чокан (1835, Казакстан Республикасы – Жетикөл району – 1865) туңгуч казак илимпозу – этнограф, фольклорчу, тарыхчы, тилчи, агартуучу. 1847-ж. Омскидеги кадет корпусуна окууга алынып, аны 1853-ж. 18 жашында ийгиликтүү бүтүрүп, аскердик ишин Батыш Сибирге генерал-губернатордун адьютанты болуудан баштаган. Ишине так, чынчыл, калыс, зээндүү, кеңири билимге ээ, көп тилдерди (чагатай, араб, уйгур, немец, француз) билген жаш офицер, ишенимдүү колунан көп иш келген.

Кадр катары орус администрациясынын жогорку мансаптагы жетекчи адамдарына тез алынып, ага аскердик, саясий чоң мааниге ээ жооптуу иштерге катышууга жол ачылган. Айрыкча түпкү максаты – аскердик чалгындоо иштери менен байланышкан атайын аскердик-илимий экспедицияларга жер шартын, туруктуу элдердин үрп-адатын мыкты билген адам катары кеңешчи, котормочу болуп кызмат өтөгөн. 1856-ж. баштап Валиканов илимдин түрдүү тармактарына кадам шилтеп, окумуштуу катары аты билине баштаган.

Валиканов өз өмүрүндө казак, кыргыз жана башка түрк элдеринин тарыхы, үрп-адаттары, этнографиясы, тили жана башка баалуу пикирлерин баяндаган бир кыйла эмгектердин ээси. Ал белгилүү илимпоз эле эмес, казак элинин чыгаан сүрөтчүсү катары да таанымал – өз эмгектерин өзү чийген план-схемалары менен иллюстрациялап, көп жанрдуу портреттик, пейзаждык, чиймелик жана башка эмгектерин калтырган.

Элинин тарыхына, этнографиясына, маданиятына, тилине, үрп-адатына жана башкаларга байланышкан баалуу илимий пикирлери окумуштуунун "Ысык-Көлгө баруунун күндөлүгү", бүткөрө иштелбеген, тема коюлбаган кыргыздар жөнүндөгү көлөмдүү кол жазмасында жана 1860-ж. Петербургда жазылган Валикановдун өзгөчө маанилүү эмгектеринин бириккен "Жунгария очерктеринде" жайгаштырылган. Окумуштуу өзү "Манастагы" эң мыкты эпизод деп эсептеген "Көкөтөй хандын" ашын кагазга түшүрткөн. Валиканов жаздырган тексттердин жалпы көлөмү 3320 сап ыр. Ыр саптарынын арасында кара сөз да бар. Жазуу учурунда үлгүрбөй окуя үзүлүп калган жерлер көп. Андай учурлардын көбү ыр сабынан кийин көп чекит коюлуу менен белгиленген. Жазылган тексттердин мазмуну кийинки манасчылардын варианттарынан Сагымбай айткан үлгүлөргө көп жактан жакын. Валикановдун жаздырган тексттер окумуштуунун көзү өткөн соң дареги белгисиз болуп жүрүп, аны 1960-жылдын орто ченинде казак окумуштуусу, академик А. Маргулан таап, факсимилесин кеңири кириш сөз жана комментариялары менен 1971-ж. Алматыда "Чокан" жана "Манас" деген аталышта жарыялаган. Валиканов 1860-ж. өзү Петербургда жүргөндө "Манастын" тексттерин орус тилине которуп жатканын эскерген. Бирок, окумуштуунун аракети, балким ооруп калганына байланыштуу, аягына чыкпай калган кыргызча текстин башынан тартып, 910 сабы гана которулган. Бул котормо аны менен таанышкан окумуштуулар арасында которулушунун деңгээлинин тактыгы аркылуу жогору баага ээ болгон. Котормо биринчи жолу 1904-ж. Валикановдун башка тандалма эмгектеринин арасында Санк-Петербургда жарык көргөн. Валиканов "Манас" эпосуна жогору баа берип, талаа "Иллиадасы", "Семетей" буруттардын "Одиссеясы" деп атайт жана кыргыз эпосунун мазмунунун өзгөчө кеңири мүнөзүн атайын мындай белгилеген: "Манас бир мезгилге келтирилген жана бир кишинин – Манас баатырдын тегерегине топтолгон кыргыздардын бардык миф, жомок, санжыра-уламыштарынын энциклопедиялык жыйнагы. Кыргыздардын жашоо-шарты, үрп-адаттары, кулк-мүнөзү, географиялык, диний, медициналык түшүнүктөрү, алардын эл аралык байланышы ушул өтө зор эпопеяда орун алган". Валиканов 1860–61-жылдары Санкт-Петербургда жашап, ооруп калганына байланыштуу элине кайтат да, 1865-ж. отуз жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Валиканов "Манас" эпосун өз атынан атап, ага көркөм чыгарма катары мамиле кылып, эл турмушунан алган орду менен маанисин баалаган, чыгарманы тарыхый-адабий талдоодон өткөрүп, каармандарына мүнөздөмө берген, тексттерин кагаз бетине түшүрүп, башка тилге которгон биринчи окумуштуу болгон.

2016-08-10 33 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10