Валенттүүлүк (тил илиминде)


Валенттүүлүк (тил илиминде) (латынча valentia күч) - сөздүн башка сөздөр менен синтаксистик байланыш түзүү жөндөмдүүлүгү. Валенттүүлүк түшүвүгү лингвистикага биринчи ирет С. Д. Кацнельсон тарабынан киргизилген (1948). Батыш Европа тил илиминде бул термин алгач Л. Теньер тарабынан этиштин айкашуучулук жөндөмүн белгилөө үчүн гана пайдаланылган. Валенттүүлүктү этиш сөз кабыл ала турган актанттардын саны катары караган. Ошого жараша этиштерди бир валенттүү (Ал берди.), эки валенттүү (Ал китеп берди.), үч валенттүү (Ал китепти мага берди.) деп бөлгөн. Тил илиминде негизинен валенттүүлүк кеңири жагдайда сөздөрдүн жана башка бирдиктердин айкашуу жөндөмдүүлүгү катары каралып келген. Ар бир тилдин өзгөчөлүгүнө ылайык сөз түркүмдөрүнүн валенттүүлүг жана сөздүн семантикасы менен байланышкан лексикалык валенттүүлүк деп айырмаланат.

2016-08-10 81 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10