Валейский Павел Петрович


Валейский Павел Петрович (1930, Чүй облусу Сокулук району, Военно-Антоновка айылы — 1997, Бишкек) — биология илимдеринин доктору (1984), профессор (1996), Кыргызстан ССР ИАнын корреспондент мүчөсү (1989), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (1991). Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн (1954). КР ИАнын биохимия жана физиология институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы, директордун орун басары, директор болуп иштеген. Жаныбарлардын физиологиясы жана биохимия боюнча адис. 150дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинен 2 монографиясы бар. Эмгектери: Рекомендации по аминокислотному питанию телят (в соавторстве). Ф., 1979, Аминокислоты в питании телят. Ф., 1981, Обмен веществ и энергии у лактирующих коров в зависимости от качества кормового протеина (в соавторстве). Ф., 1981.

2016-08-10 24 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10