Вагнер Рихард


Вагнер Рихард (22.5.1813, Лейпциг 13.2. 1883, Венеция, сөөгү Байрёйтко коюлган) немис композитору, дирижёр, театр ишмери. 1833-жылдан хормейстер, Магдебург, Кёнигсберг, Рига театрларында музыкалык бөлүм башчы, дирижёр, 1842-49-жылы Дрезден театрында капельмейстер болгон. 1849-жылы Дрездендеги май көтөрүлүшүнө катышкандыгы үчүн куугунтук жеп, 13 жыл чет элде жашаган. 1876-жылы менчик Байрёйт театрын уюштурган. Вагнер опера өнөрүнө жаңылык киргизген улуу композптор. Буга анын 1840-жылдарда жараткан «Жер кезген голланддык», «Тангейзер», «Лоэнгрин» опералары далил. «Нибелунг шакеги» аттуу опера тетралогиясы, «Нюрнберг мейстерзингерлери» реалисттик операсы композптордун чыгармачылыгында өзгөчө маанпге ээ. Өзү жараткан жаңы опера жанрындагы чыгармаларында (музыкалык драмаларында) Вагнер музыканын, тексттин, сахналык кыймылдын өз ара айкалышын камсыз кылган, операны симфониялаштыруу жагынан чыгармачылык ийгиликтерге жетишкен.

2016-08-10 27 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10