Узун-Ташты бериллий кени


Узун-Ташты бериллий кени Талас облусунун Бакай-Ата районунда, Узунташты сайынын оозунан 2–5,3 км жогору өрөөндө, деңиз деңгээлинен 1400–2000 м бийиктикте. 1963–65-ж. издөө-баалоо, 1986–1991–ж. издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен Узунташты гранит массивинин түндүк жана түндүк-чыгыш экзоконтактысында жайгашкан. Рудалуу скарн тулкулары жогорку протерозойдун калып калган терриген-карбонат тектеринин четки бөлүгүнөн орун алган. Руда тулкуларынын узундугу 45–750 м, калыңдыгы бир метрден 100 мге чейин, кээ бир руда тулкулары 150–170 м терендикке чейин бургулоо менен изилденген. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү 0,114–0,137%ке жетет. Негизги минералдары хризоберилл жана магнетит. Руданын запасы С1 категориясы боюнча 5791,7 миң т, С2 –22243,5 миң т, болжол ресурсу – 23217,4 т. Бериллий кычкылынын запасы: С1–6623 т, С2–6003 т, болжол ресурсу 27641 т.

2016-08-10 53 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10