Узун Акмат


Узун Акмат–Кетментөбө өрөөнүндөгү суу. Талас Ала тоосунун түштүк капталыдагы булактардан башталып, Токтогул суу сактагычына куят. Узундугу 90 км, алабынын аянты 2210 чарчы/чакырым. Жогорку агымында өрөөнү кууш, төмөн жагы жазыраак. Көп жылдык орточо чыгымы Уста сайдын чатында 29,5 м3/сек, эң көп чыгымы июнда(129 м3/сек),эң азы мартта(3,8м3/сек)байкалат. Апрелде кирип, сентябрда тартылат. Негизинен кар, булак, жамгыр сууларынан куралат. Ири куймалары:Каракулжа, Устасай(оң),Каракүнгөй, Бешташ, Терексай(сол).Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Жаңытурмуш, Кошмо, Чоң арык, Кыркказык жана башка кыштак жайгашкан.

2016-08-10 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10