Уурдоо


Уурдоо – КР кылмыш-жаза мыйзамында каралган менчикке каршы кылмыштын бир түрү, башка бирөөнүн мүлкүн жашыруун У. У-ну квалификациялоо белгилери: адамдар тобу тарабынан жасалган, алдынала макулдашуу аркылуу адамдар тобу тарабынан жасалган, кайталанып жасалган, ири өлчөмдө жасалган, чөнтөк У. Анын өзгөчө квалификациялануучу түрлөрүнө: уюшулган топ тарабынан жасалган, өтө ири өлчөмдө, уурдагандыгы же опузалап алгандыгы үчүн мурда 2 же андан көп жолу соттолгон адам тарабынан жасалган, туракжайга же башка сактоо жайларына мыйзамсыз кирүү аркылуу жасалган У-лор кирет.

2016-08-10 74 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10