Ууландыруу


Ууландыруу — баатырдык эпостордогу салттык туруктуу мотив. Эпикалык башкы каарманды тышкы же ички душмандары (туугандары, жолдоштору, кээде аялы, карындашы) чыккынчылык кылып, алдап ууландырып өлтүргөн фактылар көп учурайт. Убактылуу мерт болгон эпикалык баатыр өзүнүн магиялык колдоочуларынын (ат, шумкар, тайган же аялы жана башкалар) жардамы аркылуу кайра тирилип, карасанаган душмандарынан өч алышы "Манас" эпосунда да туруктуу сакталып, өзүнчө эпостук окуя катары өнүктүрүлгөн. Эпостогу "Көзкамандар окуясы" эпизодунун негизги мотиви — башкы каарманды кара санатайлык менен У. жана анын ар кандай магиялык аракеттер менен сакайышы. "Көзкамандар окуясы" эпизодун анын 16-кылымдагы версиясы менен айрым тиешелүү белгилерин салыштыруу аркылуу эпикалык окуя кандай мүнөздө өзгөрө тургандыгын ачык түшүнүүгө болот. Мисалы, башкы каармандын ууланышы туруктуу сакталган. Ал эми ууландырган кейипкердин ысымдары (Тубай-Көзкамандар) да, У. жагдайы да өзгөчөлүккө ээ. Көзкамандар Манасты үйүнө конокко чакырып уу кошулган ичимдик берет. Тубай Манаска даярдалып келген тамакка уу кошуп коёт. Коңурбай Бээжиндин Кары канына качып барат. Кары кан Манасты союп келгенге "Алтын таажы кийгизем, Алтын такка мингизем" деп жар чакырат. Ошондо түбү Манаска туугандык жайы бар Көкчөкөз менен Көзкаман баш болгон бешөө Манастын башын кесип келүүгө убадалашып жонөшөт. Алар Манаска келишип, "тууган деп тентип келдик" деп туруп калышат. Манас аларды тең тууган катары кабыл алып, Таласка көчүрүп келип айыл кондурат. Казына оозун ачтырып, каалагандарын берет. Акыры Көзкамандар Манасты алдап жалгыз конокко чакырып:

Кылт этсе өлүп кетүүчү,

Жыттаса ажал жетүүчү,

Кырк жылкы уудан коштуруп,

Ачыткысын келтирген,

Кас кылганды өлтүргөн,

Көөкөргө куюп таптаган,

Ала көөдөн кабылан

Кан Манаска сактаган (Саякбай Каралаев, "Семетей",

1. 196), — арак беришет. "Манас кан тартып жиберип, Ичкенде көк жал бүк түшүп, Төбөсү менен тик түшөт" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 196). Көзкамандар Манас көзүн жумса тегеректеп келип, көзүн ачса жабыла качып, сүрүнөн батынып башын кесе албай алек болуп турушат. Манас уунун күчүнө ала деңги мас болуп аялдарын жана чоролорун бирден санап эсептегенде Акаярдын да атын айтканда ал Манасты жаш баладай көтөрүп, өлөр-өлбөс жан менен ала качып, көзү тарткан белги боюнча билип келип калган Каныкейге табыштайт. Каныкей Манасты Кайыпчынын зоосундагы үңкүргө багып, Желмаянды мингизип куюн көтөн Энтерини жиберип Багдаттан жашыл кара дары алдырып, дарылап, ууланган Манасты 60 күн дегенде адам катарына кошот. "Көзкамандар окуясынын " колдо болгон варианттарында 16-кылымдагы версиясында катышкан каармандардан Манастан башкасы бүтүндөй алмашылган. Мисалы, Манасты У. үчүн жиберилген Тообай (Тубай), Манаска тамак даярдап берген Жакыптын бир тууганы Карнас (Карунас), ууланган Манасты дарылап айыктырган Сейид-ад-Дин кийинки варианттарда жок. Ал эми Манасты У-ну уюштурган Жолой кийинки варианттарда эч кандай роль аткарбайт, окуяга да катышпайт. Жогорудагы факты боюнча 16-кдагы версиядагы Манастан башка каармандар кийинки варианттарда төмөнкүчө алмаштырылган: Жолой — Эсенкан (Кары кан), Тообай (Тубай) — Көзкамандар, Сайид-Желалад-Дин — Каныкей жана башкалар Демек, 16-кылымда жазылган версиядагы Манастын карасанатайлык менен ууландырылышы жөнүндөгү мотив менен башкы каармандын ысымы гана туруктуу сакталып, эволюциялык өнүгүшүнүн кийинки баскычтарында бул эпикалык окуя маанилүү өзгөргөндүгүн айкын далилдеп турат. Эпостун сюжеттик курамындагы башкы каарманды У. жөнүндөгү мотив мурунтан эле салт катарында сакталып келе жаткандыгын айгинелейт. Семетей чоңоюп Таласка келгенде Жакып аны ууландырып өлтүрүүнүн аракетин кылат. Аны Бакай алдын ала билип:

Чоң атаң, ал чочконун үйүндө

Күпчөккө салган бозо бар,

Ичинде күйдүргөн уусу кошо бар.

Чапчакка салган бозо бар,

Чачама уусу кошо бар (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 240), — деп Семетейге берген тамагын ичпе дейт. Чынында эле Бакай чыгары менен Жакып Бакдөөлөткө: "Өрт өчкөндөй кылалык, Семетейге уу чыла" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 214), — дейт. Анда Бакдөөлөт:

Тулпардан калган туякка

Кантип уу бересиң

Туу казанат чунакка?!

Минтсең, какбаш, оңбойсуң.

Өз балаңды өлтүрсөң

Эгерде эки болбойсуң (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 245), — деп наалыйт. Жакып аны токмоктоп, аракка уу чылатат. Бакай сырттан тыңшап бул жагдайды угат да Семетейге кабарлайт. Семетей келгенде Жакып кубанган өңдөнүп, ага "уу чыланган ачуу ашты" сунгузат. Аны Семетей атакелеп "атадан мурун аш ичкен, Абийирдин баарын кошо ичкен бала оңорбу" — деп, кайра кан Жакыпка сунат. Манас өлгөндө каргыш кылып койдум эле деп Жакып ичпейт. Атам ичпеген ашты мен ичмек белем деп Семетей босогого серпет. Босогодо жаткан "көнөчөк баштуу көк даңгыт" жыттары менен мүрт кетет. Аны көргөн Семетей уу чылаган аягын Жакыптын башына көмкөрүп салат. Уунун зардабынан Жакыптын чачы, сакал-муруту күйүп, эси оойт. Мындай тууган арасындагы карама-каршылык патриархалдык-феодалдык мамилелердин белгилүү деңгээлде өнүккөн учурундагы кырдаалга байланышкан тарыхый чындыкты туюндуруп жатат.

"Алмамбет тыргооттун каны Канышайды өлтүргөнү" деген окуяда Алмамбет Канышайдын суу алганы келген Эшек кулак балбанын өлтүрүп, анын кийимин кийип ордосуна кирет. Бийлемиш болуп жүрүп:

Камдай барган ууларды

Бийлемиш болуп билгизбей,

Көп кытайга көргөзбөй,

Көнөк менен көөкөргө

Куюп жүрөт Алмамбет (Саякбай Каралаев, 2. 134).

Уулангандар эпосто төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Ичкен жерде бук түшүп,

Төбөсү менен тик түшүп,

Өлүп жаткан мындан көп.

Оозунан көбүк чубуруп,

Баса албастан тыбырап,

Араң жаны кыбырап,

Сулап жаткан андан көп.

Кусуктары басылбай

Кулап жаткан андан көп (Саякбай Каралаев, 2. 134). Демек, белгилүү бир мотивдин көркөм формасы коомдун өсүү баскычтарына, элдин тарыхый тагдырына туура келген конкреттүү кырдаалдарга карата шартталган формада түзүлүп, эпикалык окуянын жагдайы, анын берилүү ыкмалары, эпикалык мотивдеринин системасы да алмашылып турушу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

2016-08-10 79 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10