Усупбеков Турдубек


УСУПБЕКОВ Турдубек (1906, Ысык-Көл облусу, Түп району, Талдысуу айылы–1943) – Совет бийлигин бекемдөөгө жигердүү катышкандардан, Кыргыз атчандар армиясынын алгачкы командирлеринин бири. 1926–37-жылдары жаңыдан уюшулган Кыргыз атчандар кошуунунда (кийинчерээк армиянын) дивизиондун чалгынчысы, кошуундун командири, взвод командири, дивизиондун саясий жетекчиси жана башка жетекчилик кызматтарда иштеген.

1938–39-жылдары Усупбеков «Социал-Туран пар-тиясынын» мүчөсү деген жалаа менен репрессияланган, бирок кийин кайрадан акталып чыккан. 1939–40-жылдары Түп районунда башкы агротехник, инструктор, ошол эле жердеги мектепте мугалим болуп иштеген. 1941–43-жылдары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жоокерлерди согушка даярдоо бөлүгүнүн командири, Москва, Курск–Орел, Украина фронтторунда взводдун, аба-десанттык ротанын командири болгон. Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"





2016-08-10 62 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10