Усун мамлекети


Усун мамлекети. «Усун» этноними тарыхка кытайлык династиянын хроникасынан кирген. Тарыхчы А. өмүркуловдун пикири боюнча «усун» этноними байыркы түрк тилинен которгондо «он урук эл» дегенди түшүндүрөт. Бул эл Чыгыш Түркстандагы Успа дарыясынын атынан коюлган деген да, божомол бар. Генегалогиялык болжолдорго жана түрк санжыраларына таянсак, усундар түрк элдеринин бир салаасы. Усундар сырткы кебетеси жагынан сакалдары кызгылт сары, көздөру көк болуп, Түркстандын тургундарынан айрымаланып турган. Усундар адегенде хунндар жана юэчжмлер менен коңшулаш болуп Улуу Кытай дубалынын батыш жагында көчүп жүрүшкөн. Алардын бир бөлүгү биздин заманга чейин 160-жылы сактарды жана юэчжилерди талкалап, Тенир-Тоого жана Жети-Сууга көчүп келишкен. Көп убакыт өтпөй чыгыштан хунндар менен, батыштан Талас дарыяларынын өрөөндөрүндө Кангуй менен, түштүктөн Фергана жана Чыгыш Түркстан менен чектешкен жаны мамлекет түзүлгөн. Түндүктөн усундардын ээлиги Балхаш көлүнө чейин жеткен. Усундардын падышасы – Кунгбаг деген титулду алып жүргөн. Усундардын мамлекети социалдык топторго жиктелүү жаңы пайда боло баштаган учурда түзүлгөн, уруулук түзүлүштүн таасири катуу сакталган өлкө болчу. Кунбагдын бийлиги укум - тукумга өтүп, мурас катары берилип келген. Башкарууда усундардын Кунбагы аксакалдар кеңешине таянган. Ошол эле мезгилде мамлекеттик аппарат бир кыйла өнүгүп, мамлекеттик бийликте эле 16 миңден ашуун адам эмгектенген. Кунгбагдын өзүнүн 10 миңдей аскери болгон. Усундар жарым - жартылай көчмөн эл болуп, мал багышкан. Ошол эле мезгилде Чуй өрөөнүндө жана Ысык-Көлдун жээгинде жашаган эл отурукташып , дыйканчылык менен кесиптенишкен. Теңсиздик өнүгүп , айрым бай адамдар төрт - беш минден жылкы кармашкан. Усунддук коомдо кулдар да болгон, алар негизинен эркин общиналарда, үй чарбасында иштешкен. Борбору - Чигу, же Чигучен деген шаар болгон (кызыл өрөөндөгу шаар дегенди билдирет). Акыркы жылдагы изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча бул шаар Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районун борбору Кызыл-Суу айылынын этегинде жайгашкан. Анын жашоочулары дыйканчылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Шаардын негизги бөлүгүн көл алдында калган.

Орус окумуштуусу Н. Аристов 1893-жылы «Усундар жана кыргыздар же кара-кыргыздар: Батыш Тянь-Шандын калкынын тарыхы менен турмуш тиричилигинин очерктери жана анын тарыхый картографиясы боюнча изилдөөлөр» деген эмгегинде: «Усундар Батыш Тянь-Шанды жердеп турган азыркы кара - кыргыздардын түздөн - түз бабалары болуп саналат»- деп белгиленген. Ушул эле эмгекте Н. Аристов Енисейлик кыргыздар менен Тянь-Шандык кыргыздар качандыр бир кезде бир эле элди түзүп, биздин заманга чейин 3- кылымга чейин эле экиге бөлүнүп кеткен. Алардын бир бөлүгү Енисейде жашаган. Чыгыш Тянь – Шанда турган экинчи бөлүгүн кытайлыктар усундар деп аташкан деген пикирди айткан. Окуумуштуу Ч. Нусупов «Кыргызстандын саясий тарыхы» деген эмгегинде мындай деп жазат: «Биздин заманга чейин 201- жылда кыргыз уруулары азыркы Батыш Монголиянын аймагына жана Чыгыш Түркстанга чачырап тарашкан, биздин заманга чейин 3- кылымдан тарыхый адабиятта усундар деген ат менен көбүрөөк белгилүү болгон үйшүндөрдүн батыш канаты болуп эсептелет. Алар Орто Азияда жашаган сак урууларын суруп чыгарган. Түндүк кыргыздар болсо Саяндын артына, Енисейге кетишкен». Бул пикирлерге таянсак усундар кыргыз элинин ата бабалары болуп эсептелет.

2016-08-10 264 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10