Усун (кытайча Ву-сун) - Ички жана Борбордук Азияны байырлаган байыркы эл.
Бул эл түрк тилдүү элдердин катарына кирет.
Б. З. Ч. 160-жылдары Ички Азиядан Теңир-Тоо аймагына, анын ичинде Ысык-Көл жана Жети-Суу аймагына хундардын кысымы астында журт которушкан.
Азыркы Кыргызстан аймагындагы Ысык-Көл өрөөнүндө Усун мамлекетинин ордо шаары - Чигу-чен (Кызыл өрөөн) шаары жайгашкан.
Усундар менен Чыгыш Теңир-Тоону жердеген байыркы кыргыздардын да тарыхый алакасы болгон.
Усундар кийинчерээк Улуу Түрк каганатынын курамындагы элдерге жуурулушуп кетишкен.