Усеев Нурдин Качкынович


Нурдин Качкынович Усеев (Nurdin Useev, 1982) - кыргыздын заманбап булак таануучу, тарыхчы, түрколог, чыгыш таануучу илимпоздорунун бири, түркология доктору (PhD).

Нурдин Усеев 1982-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Покровка (Чоң-Кызыл-Суу) айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы совхоздо экономист, апасы орто мектепте кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенген. Орто мектепти 1999-жылы Коңур-Өлөң орто мектебинде аяктагандан кийин Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түркология бөлүмүнө өтөт. 2004-жылы бакалавр программасын аяктагандан кийин, ушул эле унверситеттин түркология адистиги боюнча магистратурасына тапшырат. Тил багытындагы магистратура программасын 2006-жылы "Кыргыз жана түрк тилдери менен салыштырмалуу түрдө Енисей жазма эстеликтеринин лексикасынын тарыхый өнүгүшү" деген темадагы магистрдик диссертациясын жактоо менен аяктайт. Ошол эле жылы тил багытындагы докторантура программасына өтөт. Бир жылдык сабак программасын аяктагандан кийин, "Енисей жазма эстеликтеринин тилинин синтаксиси" деген темада доктордук диссертациясын жаза баштайт. Илимий жетекчилери проф. док. Кадыралы Конкобаев жана проф. док. Женгиз Алйылмаз (Түркия) болот. Докторлук ишин 2009-жылдын июнь айында жактап, түркологиянын доктору (PhD) деген илимий даражаны алат. Эмгек жолун 2005-жылдын май айында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тил илими институтунда кенже илимий кызматкер болуп баштайт. 2006-жылдын май айында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Түркология бөлүмүнө ассистент катары кызматка кирет. 2009-жылдын сентябрь айынан бери аталган бөлүмдө ага окутуучу катары эмгектенип, 2013-жылдын сентябрь айында доценттин милдетин аткаруучу болот. Ч. Т. Айтматов атындагы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын (2011-2012) Илим жана жаңы технологиялар номинациясы боюнча лауреаты.

Үй-бүлөлүү, бир кыздын атасы.

Илимий иштеринин темасын байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтери, анын ичинен, өзгөчө, кыргыз элине таандык болгон Енисей жазма эстеликтери, кыргыз тилинин диалектилери жана кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын тили түзөт. Бул багытта эл аралык индекстерге кирген журналдарда жарыяланган 25, республикалык журналдарда жарык көргөн 4 макаласы, эл аралык жана республикалык конференцияларда (Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Монголия) окулган жана жарыяланган 20 доклады бар. 2010-жылы жарык көргөн "Сөз сырлары: тарыхый лексикологияга кириш" аттуу илимий-популярдуу китептин, 2011-жылы жарыяланган "Енисей жазма эстеликтери 1: лексикасы жана тексттер" деген илимий монографиянын автору. "Орто Азиядагы байыркы түрк жазма эстеликтеринин изилдениши", "Түштүк Сибирдеги байыркы түрк жазма эстеликтеринин изилдениши" аттуу илимий долбоорлордун алкагында Кыргызстан (2005, 2012), Казакстан (2005), Россия (2012) жана Монголияда (2011) жүргүзүлгөн эпиграфикалык илимий экспедицияларга катышкан. Жогоруда белгиленгендей Нурдин Усеев байыркы кыргыздарга таандык болуп эсептелген Енисей жазма эстеликтеринин тексттерин туура окууга аракет кылып келүүдө. Мисалы, Барс Бек кагандын толук ысымы болгон Элиг Бөрт Опа Барс адам атындагы бөрт сөзүнүн орто жаш деген мааниге келе турганын Чүй боюнда жазылып алынган Манастын бир вариантында учураган "Катагандын карт Манас, Бөкөй хандын бөрт Манас, Жакып хандын жаш Манас" деген саптардын жардамы менен аныктап, Элиг Бөрт Опа Барс адам атынын "элүү орто жаштагы күчтүү барс" деген маани бере турганын тактап чыккан.

2016-08-10 39 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10