Урманбетов Карыбай


Урманбетов Карыбай (1934-ж. т., Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айлы) — физик, физика-математика илимдеринин кандидаты (1970). Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (технологиялык процесстерде эки агымдагы плазматронду иштеп чыгып, изилдеп жана колдонгондугу үчүн, 1992).
1957-ж. КМУнун физика-математика факультетин бүткөн.
1957—58-ж. Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз орто мектебинде мугалим, 1958— 61-ж. Кыргызстан ИАнын аспиранты, 1961-жылдан ИАнын Физика-математика институтунда кенже, 1973-жылдан улук илимий кызматкер.
50дөн ашык илимий эмгектин жана ойлоп чыгаруулардын автору. Негизги эмгектери «Плазматрондорду спектрдик анализде колдонууга» багытталган.

2016-08-10 57 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10