Уркасым Бегаалы уулу


Уркасым Бегаалы уулу (1924, Ысык-Көлдүн чыгышындагы Түргөндүн Ак-Булуң айылы —1990, ошол эле жер) — манасчы. У. эс тарткандан шыктуу келип, ыр чыгара коюп жүрөт. Ошондой эле оозеки чыгармаларда эпостук арымдагы көлөмдүү чыгармаларга дит коюп, көңүл буруп, бара-бара "Манас" айтууга ынтызар боло баштайт. Буга чейин манасчынын укум-тукумунда "Манас" айткан же жамактатып ыр ырдаган ырчылар болгон эмес. Бегаалы бир жактан келатып ат үстүндө үргүлөп суунун кечмелигинен өткөндө атынан чакырган үндү угат. Көзү умачтай ачылып, артын караса ак сакалчан адам токтой туруусун өтүнөт. Кызуу неме чочуп кетип, ал чакырыкка токтомок турсун коркконунан атын камчыланып, качып жөнөйт да үйүнө келип эс-учунан танып жыгылат. Ошол күндөн баштап Бегаалыны баягы ак сакалчан адам "Манас" айтасың деп кыйнай берет. Бегаалы буга көнбөй коёт. Кийин ооруга чалдыгып көз жумат. Атасы ушундай сыйкырдуу окуяга жолуккан маалда У-дын бешиктеги кези экен. У. ушул сыйкырдуу күч кийин атасынан өзүнө оогон деп эсептейт. Негизги кесиби жыгач уста. Ал айылдагы зоок-кечелерге катышып, комуз чертип, ыр ырдап өз өнөрүн көрсөтүп жүрөт. Бир жолу талаада иштеп жүргөн учурунда эс-учун билбей жыгылып калат. Ошондо ал калың жылкынын дүбүртүн угуп, сыртка чыкса Бакай кырк жигит менен турган болот. Ал Чоң казатка аттанып баратканын эскертип, алар жеткенден кийин Манастын баатырлык жортуулун айтасың деп тапшырып, У-ды бир топ жерге чейин ээрчитип барат да калтырып кетишет. Чочуп ойгонуп кетсе түшү экен. Ошондон баштап күңгүрөнүп "Манас" айтууга өтөт.

"Манасты" улантып айтуу максатында Манастын белгиси болгон анын ташына барып зыярат кылууну, Каркырадагы Көкөтөйдүн ашы өткөн жерди көрүүнү эңсейт. Эңсеген жерлерин көргөндөн кийин басса-турса "Манас" айткысы келип өзүнчө ичинен күбүрөп айтып жүрөт. "Манас" үчилтигинин үч бөлүмүн тең бирдей биле турганын эскерткен. Ал "Манас" үчилтигинен: Манастын балалык чагы, "Кыргыздардын Алтайдан көчүшү жана Манастын кан көтөрүлүшү, Көкөтөй кандын ашы, Алмамбет менен Чубактын жол талашы, Тал-Чокунун көрүнүшү, Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барышы жана жылкы тийүү, Тайторуну чабышы сыяктуу белгилүү салттык эпизоддорду айтары жөнүндө эскерет.

Манасчынын өзүндө жазылган "Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барышы жана жылкы тийүү" деген эпизоддон чакан үзүндү бар. Анын мазмуну мындай: Коңурбайды тосоттоп кыргыздын колу Каспан-Тоонун оюна келип түшөт. Коңурбайдан кабар алууга жана жолду чалууга Манас Алмамбет менен Сыргакты чалгынга жөнөтөт. Алмамбет менен Сыргак күүгүм талаш Кашкардын Кара-Суусуна жетип келишет. Кирип турган сууну көргөн Сыргак бул суудан кантип кечерин сурап, Алмамбетке кайрылат. Алмамбет Сыргактын баатырлыгын сыноо максатында ал чыныгы баатыр болсо, анан каканчылуу Бээжинге кайра тартпай кирейин. Жок, суудан кайра тартса балаңдын эси жок экен деп ушул жерден кайтарып жиберейин дейт да, өзү суудан кечип кетет. Муну көргөн Сыргак чындап эле Алмамбеттен сестенип жадыгөй, амалдуу неме эле кечпей койсом башымды кесип салат ко деп, ойлонот да суудан кечүү издебестен Көктелки менен Кара-Суудан өтүп, Алмамбетке келет. Ошондо Алмамбет Сыргакка кайрылып:

Аяр кылып тура тур,

Айтканымды уга тур.

Баатырдыгыңды билдим го,

Байкап сөзгө илдим го, — деп анын чексиз шердигине баа берет.

Суудан чыккан соң Алмамбет эми Бээжинге бара турган жөн-жайды айтып, Карткүрөңгө жүктөгөн суп куржунду алып келгин деп жумшайт. Куржундан Каныкейдин даярдап койгон кийитин алып чыгып экөө кийет да калмакка окшошуп калышат. Сыргакты кириштин каны Жаргол болосуң, кулагың укпаган керең адамсың дейт. Аңгыча болбой Карагул келет. Ал экөөнү жанына жолотпой качып турат. Алмамбет Коңурбай абама тартуу алып келебиз, кайрылып, кетип баратканда ала кетейин дейт да, Карткүрөңдү жылкыга агытып жиберет. Карагул Алмамбетти таанып калат да качып жөнөйт. Алмамбет менен Сыргак жылкыларды айдап суудан өткөрүп салат. Карагулга жибербей койдуң деп Алмамбетке Сыргак тарыныч кылып, артынан издеп барамын дейт. Ошондо Алмамбет ой кылып, Сыргакты таштап жер уусун билген неме өзү жөнөйт. Карагул болсо Коңурбайга жетип болгон окуяны айтканда, алар кол курап куугундап чыгат. Астын тосоттоп калган Алмамбет Коңурбай тушташ келгенде качырып сала берет. Экөө кубалашып, Сарала чарчап чаалыгат. Аны көргөн Коңурбай артынан ээрчитип олтурат. Муну көргөн Сыргак артынан жете келип Коңурбайды жыга сайып анан Алмамбетке келип, ал эс-учун жыйгыча, Алгара Коңурбайга жонун тосуп, мингизет да, ала качып кетет. Ал жерден Алмамбет менен Сыргак жылкыны айдап оорукта жаткан Манасты көздөй жөнөп калышат.

2016-08-10 40 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10