Уркаш Мамбеталы уулу


Уркаш Мамбеталы уулу (1935, Түп району, Талды-Суу айылы) — манасчы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1991).

У. бала кезинен эле ырга шыктуу, эл шайырларынын аткарган чыгармаларына куштарланып, адабий көркөм чыгармаларды, өзгөчө "Манас" үчилтигин кызыгып окуган.

Манас баатырдын жоокердик жүрүштөрү жөнүндөгү баяндамаларды жаттап алып Саякбай Карала уулун туурап айтып жүргөн. Өзүнөн мурдакы манасчылардан таалим алып, түшүндө да аян берген күндөрү болгон. Айылдыктарга бала манасчы аталып Сагымбай Орозбак уулунун вариантынан "Манас менен Аккуланын сымбаты", Саякбай Карала уулунун "Семетейдин чоң атасы Жакыпка жолукканы" эпизодунан жаттап алып айтып жүргөн. Манасчы болсом деп жүрүп, Саякбай Карала уулу менен жолугушуп таанышат. Биринчи эле кезиккенде Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы Манас баатырдын сымбатын төп келтире бардык аракетин үрөп, жандили менен берилип айтат. Саякбай кунт коюп угуп олтуруп Сагымбайдын чоң акындыгына жана улуу манасчылык чеберчилигине "Манаска" кошкон баа жеткис салымына ыраазычылыгын билдирип: "Бали, балам, Сагымбай атаңдын арбагын жылоолосоң манасчы болот экенсиң", — деп ак жол, чыгармачылык ийгилик тилеп батасын берет.

1950-ж. Фрунзеге келип М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуган, ал азыркы күнгө чейин Т. Сатылганов атындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенет. У-тын манасчылыкты кесип кылып алууга жана ага жан дүйнөсү менен кирүүгө алгачкы таалимчиси Саякбай Карала уулу жана Сагымбай Орозбак уулунун вариантынын таасири болсо, кийин Ыбырайым Абдыракман уулунун түздөн-түз таасири чоң. Андан "Манастын " сюжет курулушу, "Манас" варианттарында салт катарында айтылып келе жаткан туруктуу өзөк окуялары менен таанышат. Ошондой эле ал Ыбырайымдан айтуучулуктун да чеберлигин үйрөнөт. Ыбырайымдын көзөмөлдөөсү астында "Кырк чоронун жабдылышы", "Колдун жолдо жүрүшү", "Тал-Чокунун көрүнүшү" сыяктуу эпизоддорду өз интерпретациясында иштеп чыгат. Бул иштелип чыккан эпизоддор "Манас" боюнча адис делген адамдардын жана изилдөөчүлөрдүн кароосунан өтөт. Өзгөчө Кыргыз ССРинин эл акыны К. Маликов өзүнүн жогору баасын берип, Кыргыз Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кол жазмалар фондусуна жолдомо жазып, У-тын "Манас" боюнча вариантынын кол жазмасын өткөрүүгө жардам көрсөтөт.

У. Манас баатырдын туулганынан тартып, Манаска күмбөз тургузганга чейинки эпизоддорду толугу менен, көбүнчө баатырлардын кармаштары кеңири баяндалган "Чоң чабуулдан" үзүндүнү жана "Каныкейдин Тайторуну чапканы" жана башкалар окуяларды айтат. Айтылып жаткан окуя угуучуларга кандай таасир калтырарын жана кандай кабыл алып жаткандыгын байкаган манасчы ошого карата окуянын жүрүшүн улам курчутуп, элди кызуу кагылышка аралаштырып, ошол кандуу кагылыш майданына алып кирет. Мына ушундай көркөм ыкманын бардык түрү У-тын чыгармачылык өнөрканасында кайнап, элге тартууланып келүүдө. У-тын варианты жалпысынан алганда көлдүк манасчыларга жакын. Жакып калмак элинен конуш алып, аштык айдап бай болуп кетет. Жашы келип калса да бала көрбөйт. Буга арман кылып, күндөрдүн биринде мазарга барып сыйынып, ага жөлөнүп олтуруп:

Чырпык талга жаткырып,

Чымчыкка бала бергенде,

Чыркылдатып бактырып.

Бото берсең канетет, теңир,

Боздогон мендей пендеңе,

Ок жеген белден жыландай

Отурган жерден тура албай

Көкүрөк күйүп дем тартып,

Көз илинип жер тартып.

Жакыпты көрсөң нетиптир,

Таламандын тал түштө

Талыкшып уктап кетиптир.

Демек, У-тын айтуусундагы Жакыптын түшүн башка варианттарга салыштырганда Жакып үйдө эмес, сыйынуу үчүн барган мазардын түбүнө уктап, кереметтүү түш көрөт. Түшү оңунан чыгып, тилегин берип, жакшылык жышааны келет. Муну манасчы мындайча баяндайт:

Тиктегени келиптир,

Тилегин кудай бериптир.

Кырк атан нарга бергисиз,

Кызыгын түштүн көрүптүр.

Өрүгү гүлдөп төгүлүп.

Ак боз үй кардай көрүнүп,

Алмасы гүлдөп төгүлүп.

Он миң уста кошулуп,

Коргонун көрүп түзөтүп.

Сакчы ордуна кырк жолборс,

Дарбазасын күзөтүп.

Жакыптын көргөн түшүн баяндоодо алдын ала эле Манастын образына ылайыктуу анын келечегин көрсөткөн баатырдык жышаанды сүрөттөө менен баштайт. Болочокто баатыр туула турган баланын элесин тартууда жалпы "Манас" эпосунун салтында айтылып келген туруктуу эпикалык мотивдерден четтеп кетпестен, аны толугу менен пайдаланып, дагы тереңдетип, баатырдык пафос менен өз алдынча талкуулайт:

Көз тунарып байланат,

Карап турсаң асманды

Кара бүркүт айланат.

Качырганын тырмакка,

Канжыгадай байланат.

Текөөрү болот көрүнөт,

Тээп өтсө кырааның

Тегирмендей кара таш,

Тегеренип бөлүнөт.

Серпкени кыйрап сөгүлөт,

Канатынын күүсүнөн

Көл чайпалып төгүлөт.

Ал эми Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жакып акшумкар, Чыйырды ажыдаар, Бакдөөлөт туйгун менен эки кушту түшүндө көргөнү айтылат. Саякбай Каралаевдин варианты варианты боюнча Жакып бала барчын бүркүттү кармагандыгы баяндалат. Демек, бардык эле манасчыларда Жакыптын түш көрүүсүн жана Манастын баатыр чыга тургандыгын мотивдештирүүсү бирдей эле даражада алгыр кушка келип такалат да ошол аркылуу ар бири өз алдынча түшүндүрүүгө алышат. Алгыр куштун кыраандыгын мүнөздөп берүү менен манасчылар келечекте мекенди, элди коргоочу баатырдын эпикалык дүйнөсүнө келе тургандыгын баамдап, ага баатырдык сапат берип, баатырдан кабардар болуп жатышат. Ошентип бул мотив У-тын вариантынын өзүнчөлүк мааниге ээ экендигин айгинелеп турат.

2016-08-10 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10