Университет кирүү экземендери эл аралык тажрыйбада


УНИВЕРСИТЕТКЕ КИРҮҮ ЭКЗАМЕНДЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБАДА

Др. Кадиян Бообекова, Кыргыз-Түрк «Манас» Университети (ru).

Азыркы учурда билим берүү адам баласынын иш-аракеттеринде, жашоосунда эң кең ири сферанын бири. Себеби адамзаттын өнүгүп өсүүсүнүн перспективалары билим берүүгө байланыштуу. Билим берүүнүн социалдык ролу дүйнөдө абдан жогорулап, азыркы кезде ал социалдык инфраструктуранын эң маанилүү элементтеринен болуп калды, (Вульфсон, 1995, 3-б). Дүйнөдө кызматкерлердин билим дең гээлинин жогору болуусуна талап өскөн сайын, билим берүүгө болгон социалдык суроо талаптар да өсүүдө. Жаштардын кең ири катмары толук жана жогорку билим алууну, каалаган социалдык статуска ээ болуунун бирден бир жолу деп эсептешет. Жогорку билим дең гээли ишсиз калбоонун негизги гарантиясы. Чынында соң ку жылдардагы ишсиздикке, ишсиздердин түрүнө жана статистикага караганда, ишсиз жүргөндөрдүн белгилүү бир бөлүгүн дипломдуулар да түзөт. Бирок, ишсиздиктин эң биринчи курманы - билим дең гээли төмөн болгон кесипсиз жумушчулар болот, (Вульсфон, 1995). РАО академиги Герщунский кайсы гана өнүккөн коомдо болбосун, билимдүү, сабаттуу, жогорку маданияттуу кишинин, кең ири, ар тараптуу билим алган, кемчиликсиз кишинин культу - чынында эң маанилүү, жападан жалгыз культ болуп эсептелээрин белгилейт, (Гершунский, 1993. 15.б.).

Учурда дүйнөдө эң маанилүү иштердин бири - билим берүүнүн социалдык жана маданий ролун жогорулатуу. Тажрыйба көрсөткөндөй кандай гана өлкө болбосун анын экономикалык жактан өнүгүүсүнүн перспективасы - билим берүүнүн эффективдүүлүгүнүн даражасына байланыштуу. Мурункудан айырмаланып, учурдагы жогорку технологиялык өндүрүшкө жалпы маданий жана кесиптик билими жогорку жумушчу күчү талап кылынаары белгилүү (Малькова, Вульфсон, 1991). Жогорку билимдүү болуу үчүн жогорку окуу жайларына тапшырып, ал окуу жайы белгилеген сынакты берүү жана окуу керек. Кирүү сынагы ар кайсы өлкөдө ар башка. Бул жерде борбордук тестирлөө аркылуу абитуриенттерди кабыл алуу 1982- жылдан бери практикаланып келген Түркия Билим берүү системасын мисалга алып көрөлү. Себеби Түркия жана Орто Азия Түрк республикаларынын Билим берүү министрликтери арасында билим берүү тармагында кызматташтык боюнча атайын макулдашуусу бар. Анын үстүнө өлкөбүздө үч жылдан бери борбордук тестирлөө аркылуу ЖОЖдорго студенттерди кабыл алууну практикаланып жаткандыктан, бул тажрыйба биздин билим берүү системага өрнөк боло алат го деген ойдобуз. 1992 - жылы Май айында Анкарада жана Сентябрь - Oктябрь айларында Бишкекте баардык Tүрк тилдүү өлкөлөр арасында таалим-тарбия тармагында тажрыйба алмашуу жана жардамдашуу боюнча чогулуштар өтүлүп, башка өлкөлөрдөй эле Кыргыз Билим Берүү министрлиги менен Түркия Улуттук Агартуу министрлиги бул макулдашууларга эки тараптуу кол коюшкан. Ошондон баштап жыл сайын түрк тилдүү өлкөлөрдүн билим берүү чогулуштардын бири болгон 3.12. 1995- жылындагы Tүркия Республикасынын Жогорку окуу жайларынын атайын комиссиясынын чогулушунун чечими: 1. Тандоо сынактары Түркия жана Билим берүү системасында макулдашууга кол койгон бүт түрк тилдүү республикаларда май айында бир күндө болот. 2. Бул сынакка Түркия Республикасынын жана Түрк тилдүү республикалардын түрк лицейлерин, же ошол өлкөнүн жалпы жана өзүмдүк мектептерин бүтүргөндөр кире алат. 3. Бул сынакта эгер балдар түрк лицейлерин бүтүргөн болсо, балдардын түркчө билгени текшерилет. 4. Сынак жыйынтыгы июндун аягында Түркиядан бардык республикалардын Билим Берүү жана Маданият министрликтерине билдирилет. 5. Түркияда же башка түрк тилдүү өлкөлөрдөгү бир университетке кирүү сынагынан өткөн окуучулардын аттары жана келе турган тарыхы дипломаттык каналдар аркылуу билдирилет. 1996-жылдын январында Анкарада Түркия Республикасынын Улуттук Агартуу Министирлиги жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Маданият Министирлигинин туруктуу комиссиясынын экинчи чогулушу болду. Комиссиянын бул чогулушунда төмөнкү маселелер каралды. Түрк тарабы, Кыргызстан тарабына Түркияда 1982-жылдан бери практикаланып келген Кыргыз Республикасынын Билим берүү системасына да 1995 – жылы сунуш кылынган ОТОБ (Окуучуларды Тандоо жана Орноштуруу Борбору) сынак/ тестирлөө системасынын жактырылып практикалануусу жөнүндө маалымат берүүсүн талап кылган. Кыргызстан тарабы бул системаны практикалоо үчүн (UNDP) Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы менен Дания жана Кыргыз Республикасынын чогуу иштешкенин жана кийинчерээк бул системага өтө турганын билдиришкен (Түркия Улуттук Агартуу министрлигинин 1996-жыл токтомдору). Түркияда университеттерге студенттерди кабыл алуу жөнүндө төмөндө маалымат берилди. Түркияда университеттердин эки жылдык (өн лисанс) жана төрт жылдык (лисанс - бакалавр) бөлүмдөрүнө кирүү үчүн абитуриенттер атайын борбордоштурулган уюмга (Тестирлөө борбору) экзаменге киришет. Университеттин 2 жылдык бөлүмү да жогорку окуу жайы деп эсептелип, биздеги техникумдар сыяктуу. Аны бүтүргөндөр 4 жылдык бөлүмдөргө улантып окуй алышат. Университетке кирүү сынактарын борбордоштурулган тест системасы менен алган бул уюм - Окуучуларды Тандоо жана Орноштуруу (жайгаштыруу) Борбору (ОТОБ) (түркчө ЈСЙМ) деп аталат. Бул борбор Түркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Кең ешинин (ЙЈК) чечими менен 1982-жылы курулган. Бул борбордун максаты - Түркиядагы жана Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы орто мектептин жана лицейдин бүтүрүүчүлөрүн университеттин 4 жылдык, 2 жылдык бөлүмдөрүнө жана кесиптик атайын орто окуу жайларына орноштуруу үчүн билим сыноосун уюштуруу жана андан өткөндөрдү алган баллына (упайларына) жараша окуу жайларынын бөлүмдөрүнө орноштуруу болуп саналат. Жалпы калкынын саны 70 миллионго чукул болгон Түркия Республикасынын бир жарым миллионго жакын жаштары жыл сайын бул борбор уюштурган университеттерге кирүү сынагына кирүү үчүн ОТОБго арыз беришет. Бул жылы сынакка кирүү үчүн 1миллион 715 миң ден ашуун абитуриент арыз берген. Сынакка кирүү үчүн лицейди бүтүргөндөр же бул жылы ийгиликтүү бүтүрө ала тургандар арыз берип, документ тапшырышат. Документ тапшырууда аттестат ала элек болсо да бул жылы мектепти бүтүрј алат же бүтүрдү деген мектептен справка болсо ал сынакка кирүүгј жетиштүү. Бул борбор өздөрү жактырган бөлүмдөрдү тандап, жогорку окуу жайларына кирүү сыноосунан өткөндөрдү ошол бөлүмдөргө орноштурат. Бул сынак эң биринчи жолу 1982-жылы бир баскычтуу болгон. Ал эми 1983-жылдан баштап калган жылдарда эки баскычтуу болуучу. Бирок 1999-жылы да кайрадан бир баскычтуу болуп, ОТОБго арыз берген 1.478.562 абитуриенттен 1.435.635и сынакка кирди, алардан 1 млн.7.703. абитуриент университетке өттү. 2002-жылы сынак системасы кайрадан 2 баскычтуу болду. ОТОБ сыноолору, биринчиси ОДАС (Окуучулардын жалпы дең гээлин аныктоо сыноосу), экинчиси ООС (окуучуларды орноштуруу сыноосу) болуп экиге бөлүнөт. Ал сыноолорго кирүүдөн мурун ОТОБ борборуна арыз берүү керек. Эми баарын ирети менен карайлы. К/№ Иштердин ирети 1. ОТОБ сыноо борборлору 2. Арыз берүү иштери. 3. Биринчи сынак ОДАС 4. Текшерүү жана сынактын жыйынтыгын билдирүү 5. Экинчи баскыч сыноо ООС. 6. Экинчи Текшерүү иши 7. Булар эске алынат: - Орто мектептеги ийгилик - Жөндөмдүүлүккө жараша кабыл алуу - ОТОБ сыноосунда артыкчылыгы болгондор - ОТОБ менен жазышуу - Каттоо / жыйынтык.

ОТОБ сыноо борборлору. Ар бир шаарда, шаардын кээ бир райондорунда, областтын жана райондун борборлорунда сынак борборлорунун филиалдары бар. ОТОБго абитуриент сүрөт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана аты аталган формаларды толтуруп тапшырат. Документ тапшыруу февралда башталып мартта бүтөт, документти мектепке же райондогу ОТОБ филиалына тапшырууга болот.

1. Арыз берүү иштери Сынакка кирүү үчүн Түркия жана Tүндүк Кипр Түрк Республикасынын атуулдары төмөнкү шарттарга жараша арыз беришет: а) бул жылы ар кандай орто мектепти же лицейди бүтүрө ала тургандар, б) мурунку жылы орто мектепте экзаменден өтпөй калгандар, быйыл бүтүрө тургандар, в) орто мектепти сырттан бүтүрүп жаткандар, г) орто мектепти мурунку жылдары бүтүргөндөр, д) чет өлкөдө жашаган, орто мектепти бүтүрө турган Түркия Республикасынын атуулдары арыз бере алышат. «1999- жылга чейин ОТОБ уюштурган университеттерге кирүү экзаменине үч жолу кирип, үчөөндө тең өтө албагандар кайрадан сыноого кире албайт» деген чектөө 1998-жылга чейин болгон. 1999-жылдан баштап бул чектөө алынып салынды, каалагандардын баары сыноого кире алышат.

Бул экзаменге кирүү шартпы?

Жекече жөндөмдүүлүгүнө карап (мисалы, артисттик, ырдоо, сүрөт тартуу, проект сызуу, роль аткаруу жөндөмүн текшерген ж. б.) студенттерди кабыл алган окуу жайына кире турган болсо да же менчик университеттерге окууну кааласа да ОТОБ сынагына кирүү шарт. Кирүү үчүн документтер. ОТОБ сынагына кирүү үчүн ушул жыл үчүн окуган мектебинен же жер жерлердеги (райондогу) ОТОБ сыноо борборунан арыз формасы жана ОТОБ үчүн акча төлөгөнү тууралуу банктан квитанция алышат.

Форма кантип толтурулат? Бул арыз формасына абитуриент жөнүндө маалыматтар жазылат, катталуу номери (карточкасы) жана абитуриенттин номери болуп үч түрдө берилет. 26 суроосу бар, кара калем менен толтурулат. Мында аты жөнү, атасынын аты, ОТОБ номери, жынысы, атуулдугу, билими, дареги, туулган жери, жылы, мектебинин коду, (кесиптик мектеп, гимназия, супер лицей ж. б.) түрү, мектептеги окуучунун номери, мектептеги баалоо системасы, окууну бүтүргөн жылы, дипломундагы (аттестат) баасынын ортоломосу, жашаган жери бөлүмдөрү бар. Абитуриент жөнүндө билдирүү формасында тандоо бөлүмү бар. Анда кайсыл жерден экзаменге киргиси келсе ошол жердин номерин жазат. Формага толтурула турган мектептин номери, шаардын, райондун, ОТОБ борборунун номерлери китепчеде жазылуу болот.

2. Биринчи сынак - окуучуларды тандоо сыноосу же окуучулардын дең гээлин аныктоо сыноосу (ОДАС). Бул сыноо биринчи экзамендин жыйынтыгы менен абитуриенттерди кабыл алган окуу жайларынын бөлүмдөрүнө абитуриенттерди орноштуруу үчүн уюштурулат. Бул сыноодон өткөндөр экинчи баскыч сыноосуна, тактап айтканда, окуучуларды жайгаштыруу сыноосуна ОЖСга (же орноштуруу сыноосуна - ООСко) киришет. Экинчи сыноо жыйынтыгы боюнча кээ бир ЖОЖ бөлүмдөрү абитуриенттерди кабыл алат. (ОТОБ сыноо борборунун китепчелери, 1997, 1998-ж. Анкара). Јлкөнүн куралдуу күчтөрүнө жана укук коргоо бирдигине тиешелүү жогорку окуу жайларынын бөлүмдөрүнө кирүүнү каалагандар ОТОБ сыноосуна кирбейт. Бул окуу жайларына киргиси келгендер окуу жайлардын өздөрүнүн эрежелерине жараша ошол жерде сыноого киришет. Сыноого кирген бүт абитуриенттерге коомдук (гуманитардык) билимдерден (тарых, география, адабият, философия, тил) жана табигый билимдерден жана математикадан (математика, физика, биология, химия) түзүлгөн бир тест берилет. Коомдук илимдер бөлүмүндө түркчөнү туура колдонуу менен бирге башка коомдук билимдерден билимин текшерген суроолор бар. Табигый илимдер (жана математика) бөлүмүндөгү суроолордо абитуриенттердин математикага кызыгуусу, билими жана табигый илимдер боюнча билимин текшерген суроолор берилген. Мында жөнөкөй, негизги терминдерди, түшүнүктөрдү жана принциптерди колдоно ала турганын текшерүүчү суроолор бар. Сыноодо канча суроо, кайсы бөлүмдөн келет жана канча процент экени китепченин ичиндеги таблицада көрсөтүлөт. Сынакка кирип жатып, абитуриент сыноо баракчасыны, паспорт же күбөлүгүн, сүрөтүн, катталуу номерин унутпоосу зарыл. Окуучунун сыноого кайсы жерде кирээри ОТОБдон белгиленет. Анын жашаган жерине эң жакын жерден кирээри экзаменден бир ай мурун окуучуга белгилүү болот. Биринчи баскыч сыноо (ОДАС) кандай болот? ОТОБ борбору сыноо үчүн бир күндү белгилейт. Мисалы: 27-апрелде Жекшемби күнү саат 10.00. до башталып 3 саат сүрөт. Сыноо болуп жаткан залда көзөмөлдөөчү болуп 2-3 киши турат. Ал абитуриенттин экзамен баракчасын текшерип, окуучуну класска киргизет, жооп баракчасын, суроо китепчесин таратат, сынак бүткөндө топтойт. Биринчи баскыч сыноонун суроолор китепчеси эки вариант болот: А жана Б. Варианттарга жараша суроолор бирдей болгону менен суроолордун орду бирдей эмес. Ошон үчүн жооп баракчасы да башкача толтурулат. «Жооп баракчасында» абитуриенттин аты жөнү, номери жазылат. Тесттеки суроолордун жообун А, Б, В, Г, Д варианттарында беш жооптун кайсынысы туура экенин бул тамгалардын бирин каралап белгилейт. Бирден көп болсо, «туура эмес» болуп эсептелет. Сыноого кирип жатканда экзамен баракчасы, паспорт, сүрөт, номер менен кирип, чыгып жатканда жооп баракчасы, экзамен баракчасын, сүрөтүн, номерди тапшырып чыгат. Булар борборго жөнөтүлөт. Кем болсо сыноо жараксыз болуп калат. Сыноо жыйынтыгы ОТОБдо текшерилгенден кийин абитуриенттин адресине жөнөтүлөт.

3. Текшерүү

Биринчи баскыч сынагынан кийин текшерүүдө туура жооптор эки түрдүү эсептелет: 1) гуманитардык сабактар боюнча стандарт балл (упай), 2) табигый билимдерден стандарт балл болуп эки башка эсептелет. Абитуриенттин тандаган кесибине жараша эгер ал коомдук илимдер боюнча (же сүйлөө сабактарынан) бөлүмдөн бирин кааласа, суроолордун жоопторун эсептөөдө сөздүү бөлүмдүн жоопторунун суммасы 1.8. менен, математика жана табигый илимдер суроосуна берилген жооптордун суммасы 0,4 менен көбөйтүлөт. Мисалы: бала келечекте филолог, социолог, географ, юрист болгусу келсе, анын тарых, география, философия, тил жана адабият сабактарынын суроолоруна берген жоопторунун суммасы 1.8 менен көбөйтүлөт, ал эми анын математика, биология, физика боюнча жоопторунун суммасы 0.4 менен көбөйтүлөт. Андан кийин жалпы баллы чыгарылат. б. а. сүйлөө сабактарына көбүрөөк маани берилет. Абитуриент математика, табигый илимдер же инженерия бөлүмүн каалаган болсо, бул бөлүмдүн суроолорунун жоопторунун суммасы 1.8 менен, сөздүү бөлүмдүн жоопторунун суммасы 0,4 менен көбөйтүлөт. Эгер кесип үчүн экөө тең маанилүү болсо (менеджмент ж. б.) баардык жооптордун суммасы 1,1 менен көбөйтүлөт.

ОДАС сыноосунан өтүү үчүн коомдук илимдер (сүйлөө) же табигый илимдер (эсептөө) же коомдук илимдер (сүйлөө) менен табигый илимдеринен (сүйлөө жана эсептөө) түзүлгөн суроолордун биринен эч болбосо 105.000 балл топтоосу керек. Үчөөнүн бирөөнө өтсө бул баллга жараша кабыл алган окуу жайларынын кээ бир бөлүмдөрүнө өткөн болуп эсептелет.

Экинчи баскыч сыноого кирүү үчүн эч болбосо 120.000 балл алуусу керек. Окуучулардын жөндөмдүүлүгүнө жараша кабыл алган университеттин бөлүмдөрүнө кирүү үчүн да 105.000 упай алуу керек. Биринчи баскыч сыноонун жыйынтыгын газетадан, интернеттен же телефон менен билүүгө болот же ОТОБ сынак жыйынтыгын окуучулардын адрестерине да жөнөтөт. Окуучулардын кире турган бөлүмдөрдү тандоосу.

1999-жылга чейин Биринчи баскычтан (ОДАС) өткөндөн кийин Экинчи баскыч китепчеси менен бирге студенттерди университеттер, факультеттер, бөлүмдөр (түрдүү кесиптер) жөнүндө жана кайсы окуу жайында канча балл менен алаары жөнүндө таблицалар окуучунун адресине жөнөтүлчү. 1999-жылдан баштап кесиптер тууралуу китепчелер газеталар менен кошо сатылып жүрөт. Окуучулар тандоодо жана балл эсептөөдө өзгөрүүлөр болгон үчүн бир топ кыйналышты. Буга ата-энелердин да кабатыр болушунан улам 2001-жылдарда кайрадан эки баскычтуу сыноону киргизүүгө чечим кылышкан эле. Бул китепчедеги таблицаларда университеттердин 2 жылдык жана 4 жылдык бөлүмдөрүнүн кээ бири коомдук илимдер боюнча сыноонун жыйынтыгы менен, кээси математика жана табигый илимдер боюнча, кээси экөөнөн тең түзүлгөн суроолордун жыйынтыгы менен студенттерди кабыл ала тургандыгы жөнүндө маалымат берилет. Бул таблицага карап (жана өз күчүнө карап) каалаган кесиптеринен бири бирине жакын болгон кесиптерди биринчи таблицадан 18, ал эми 2-жолу тандаса 18+6=баары 24 кесипти (бөлүмдү) тандоого болот. Бул таблицада ар бир окуу жайдын бөлүмдөрүнүн код (шифр) номерлери бар. Окуучу өзү каалаган кесиптерди эң жогорку баллдан эң төмөнкүгө карай кезеги менен белгилөөсү зарыл: Мисал катары төмөнкү таблицага караң ыз. Код/№ Программа Окуу мөөнөтү Сыноо түрү Орун Биринчилер үчүн орун Олимпиада жең үүчүлөрү

Чукурова университети (Адана ш.) 351531 Немец тили мугалими 4 жыл Тил 40 1 - 351184 Биология 4 жыл Табиг. бил. 40 1 - 351329 Инженер геолог 4 жыл Матем. 40 2 1

Анкара университети 181245 философия 4 жыл Сүйлөө 40 1 - (Программалар жөнүндө 2 жылдык өзүнчө 4 жылдыктар өзүнчө таблицаларда берилет). Университетти, факультетти тандоо жана канча балл менен кире турганы төмөнкү таблицада мисал катары берилди: 2002-жыл тандоо баракчасы Аты, Фамилиясы, № ________

К/№ Код (шифр, номер) Университет Факультет Сыноо түрү Балл 1 101112 Босфор Эл аралык эконом. Тил-мат 650.500 2 202519 Хажеттепе Эл аралык эконом Тил-мат 648.350 3 293408 Эге Эл аралык эконом Тил-мат 643.250 4 349005 Стамбул Эл аралык эконом Тил-мат 640.750 5 456448 Мармара Эл аралык байланыш Тил 637.500 6 479612 Мармара Экономика Тил-мат. 620.300 7 537877 Анкара Экономика Тил-мат 617.950 ж. б. ушул сыяктуу жазылат.

4. Экинчи баскыч сыноо (окуучуларды орноштуруу сыноосу ООС). Экинчи баскыч сыноо үчүн биринчи баскыч сыноодон өткөндөр арыз беришет. Бул үчүн Банкка ОТОБ сыноосу үчүн акы төлөшөт жана биринчи баскыч сыяктуу документтерди ОТОБго жөнөтүшөт. Бул сыноого кире тургандарга табигый илимдер, математика, түркчө, коомдук илимдер жана чет тилден (немец тили, англис тили, француз тили) болгон тесттерден түзүлгөн бир суроо китепчеси берилет. Абитуриенттер бул суроолордон өздөрү тандаган кесиптерге тиешелүү болгон бөлүмдөрдүн гана суроолорунун жообун жазышат. Бир гана «жооп баракчасы» колдонулат. Бул бөлүмдөр үчүн тесттер төмөндөгүдөй болуп берилет: 1. Табигый илимдер жана инженердик илимдер бөлүмүнө: а) табигый билимдер тести, б) математика тести, в) түрк тили тести. 2. Экономика жана коомдук илимдер бөлүмүнө: а) математика тести, б) түрк тили тести, в) коомдук илимдер (гуманитардык) тести. 3. Чет тилдер бөлүмүнө: а) түркчө тести, б) коомдук илимдер тести, в) чет тили тести, (бир гана чет тил суроосун жооптойт). Бир абитуриент өзүнүн кесип тандоо баракчасында тизмелеген кесиптерге тиешелүү суроолорго гана жооп берет. Эгер бирөө табигый жана инженердик илимдер бөлүмүндөгү кесипти тандаса ошол бөлүмдүн суроолоруна жооп берет. Эгер мунун үстүнө экономикалык жана гуманитардык билимдердин кесибин тандаса бул бөлүмдүн суроолоруна да жооп берет. Эгер кесип тандоо тизмесинде булардан башка окутуу чет тилде болгон кесиптер бар болсо үч түрдүү тесттин (табигый илимдер жана математика + коомдук илимдер + чет тили боюнча) суроолорунун баарына жооп бериши керек болот. ООС суроолору лицей программасынын негизинде даярдалат. ООС суроолору кайсы бөлүм үчүн канча процентти түзөөрү төмөндө берилди. 1. Табигый илимдер боюнча тесттер. а) физика 40% б) химия 30% в) биология 30% 2. математика тестти 3. түрк тили тестти 4. коомдук илимдер боюнча тестер а) тарых 40% б) география 30% в) философия группасында сабактар 30% 6. Чет тили боюнча тест (немисче, англисче, французча). Чет тил тестинде «жооп баракчасына» кайсы тил экени жазылуусу зарыл.

5. Орто мектептеги ийгилик.

ОТОБ сыноосунун жыйынтыгын чыгарууда окууга орноштурууда баланын мектепти качан бүткөнү маанилүү. Жаң ы бүтүргөндөр үчүн жалпы балл 0.2 коэфициентке көбөйтүлөт. Эскилер үчүн көбөйтүлбөйт. 6. Орноштуруу (жайгаштыруу).

ЖОЖдордун бөлүмдөрүнө борбордук орноштуруу жана жекече жөндөмдүүлүгүнө жараша орноштуруу жолдору бар. Абитуриенттер сыноодон өтсө тандаган жогорку окуу жайынын каалаган бөлүмүнө керектүү болгон тест баллы, бул бөлүмдөгү белгиленген орун ал бөлүмдүн шарттары да ОДАС, ООС баллы, мектеп дипломунун баллы чогуу эсептелип орноштурулат. Жыйынтыгы ОТОБдан билдирилет.

7. Окуучуларды өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө жараша кабыл алуу сыноосу.

Бул сыноо шыктуу, жөндөмдүү окуучулар үчүн уюштурулат. Кайсы окуу жайы, кайсы бөлүм жөндөмдүүлүк боюнча кабыл алаары өзүнчө таблицада берилет. ОТОБ биринчи баскыч сыноосунан эң аз 105.000 балл менен өткөндөр окуу жайынын өзүндө эмнеге жөндөмү болсо ошол жөндөмүн көрсөтүү үчүн атайын комиссияга кирип келечек кесиби боюнча экинчи баскыч сынак беришет. Булар ОТОБдун ОДАС (1- сынак) жыйынтыгы боюнча бул окуу жайларына катталат. Лицейден алган дипломунун баалары, кандай лицейди бүтүргөнү текшерилет, себеби ошого жараша балл берилет.

8. ОТОБ сыноосунда артыкчылыгы же айрыкчалыгы болгондор кимдер? Мектептин биринчилери. Мектептеги биринчилик менен бүтүргөндөр 2247 мыйзамдын 45- пунктуна жараша ЖОЖго кирүүдө артыкчылык укугу бар. ОТОБдун эки сыноосунан тең өткөндөн кийин каалаган бөлүмүнө кире алат. Ар кандай искусство бөлүмүндө абдан жөндөмдүүлөр, олимпиадалардын жең үүчүүлөрү ОТОБ 1 - сыноосунан кийин «тандоо баракчасына» жазган кесиптердин бирине каттала алат. Олимпиада же ар кандай проект даярдоодо жең үүчүлөр ошол сабактарга жакын бөлүмдөргө кирүүдө артыкчылыгы бар. Спорттук мелдештердин жең үүчүлөрү. Јлкө ичинде же чет өлкөдөгү спорттук мелдештерде жең үүчүлөр (1, 2, 3-орун алгандар) Спорт академияларына каттала алат. Бир кесипке багытталган лицейдин бүтүрүүчүлөрү ошол кесип боюнча ОТОБ сыноосунан кийин ошол багыттагы бөлүмгө кошумча балл менен каттала алат. (м: мугалим лицейи). Техникалык лицейдин бүтүрүүчүлөрү ОТОБ сыноосунан кийин тиешелүү бөлүмгө каттала алат. Кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрү, «Индустриялык кесиптик лицейи», «Кыздар кесиптик лицейи», «Соода кесиптик лицейи», «Туризм жана мейманкана иштетүү лицейинин» бүтүрүүчүлөрү бул бөлүмдөргө ОТОБ сыноосунан кийин кире алат. Денесинде кемчилик болгондор, көрүүсү, угуусу начар болгондор өзүнчө сыноо менен ЖОЖдорго кире алышат. Лицейди сырттан окугандар ОТОБ сыноосуна кирген жылы лицейди бүтүрсө ЖОЖго катталат. Түндүк Кипр Түрк Республикасынан келгендер. Түндүк Кипр Түрк Республикасы же Түркия республикасынын атуулдар ОТОБ сыноосуна кире алышат. Чет өлкөдө жашаган ТР атуулдары ОТОБ сыноосуна кирүү үчүн форманы башкача толтурушат. Чет өлкөдө окугусу келгендер. ОТОБ экзаменине кирип, 2 жылдык бөлүмдөр үчүн эң аз 105.000, 4 жылдык бөлүмдөр үчүн эң аз 120.000 балл топтоосу зарыл. Чет өлкөдө окуй тургандар, каалаган бөлүмдөрү үчүн кайсы сабактардан экзамен бере турганын жакшы билүүсү керек. Мисал үчүн 1998-жылы Кыргыз улуттук университети, философия бөлүмүнө 177.000, Тифлис мамлекеттик университети, психология факультетине 177.000, БГУнун филология бөлүмүнө да 167.000, Казахстан Хожа Ахмет Ясеви эл аралык университетине 165.000, Азербайжан Мамлекеттик университетинин Чет тил мугалими жана котормочулук бөлүмүнө 156.000 балл менен кабыл алынаары белгиленген (1998-жыл үчүн ОТОБ китепчеси жана 1999-жыл үчүн расмий газетадан алынды).

9. ОТОБ менен жазышуу.

Эгер абитуриент документин ОТОБго тапшыргандан кийин адреси өзгөрсө, сыноого чейин муну ОТОБго билдирүүсү керек. «Адрес алмашуу арыз баракчасына» жазылып жөнөтүлөт. Эгер ОТОБдун жазган жана жөнөткөн кагаздарын абитуриент ала албаса бул жөнүндө ОТОБго жазуусу керек. Эгер «сыноо баракчасы» келбей калса сыноого кире албай калышы мүмкүн. Эгер абитуриент сынак жыйынтыгына нааразы болсо ОДАС сыноосунан кийин «жооп баракчасынын» кайрадан текшерүүнү талап кылууга болот.

10. Каттоо (регистрация), ОТОБ жыйынтыгы боюнча ЖОЖго орноштурулган абитуриенттин окууга катталуусу ошол жыл үчүн гана жарайт. Бир абитуриент бир эле убакта эки жердин студенти боло албайт. Ким каттала албайт? а) жогорку окуу жайына ОТОБ сыноосу менен өткөнүнө карабай мектепти ушул жылы бүтүрө албаса ЖОЖго каттала албайт. б) аскердик милдетин өтөп жаткандар, в) ОТОБ сынагына өзүнүн ордуна башкасын киргизгендер, г) саясий күнөө менен ЖОЖдон чыгарылгандар, д) чет өлкөлүктөр, качкындар (чет өлкөлүктөр үчүн өзүнчө сыноо бар), е) аскердик окуу жайынан чыгарылгандар каттала албайт.

11. Жыйынтыктоо жана орноштуруу иштери.

Абитуриент өзүнүн бир окууга өткөнү жана орноштурулганы тууралуу ОТОБдун газеталарга жарыяланган жыйынтык таблицасынан же интернеттен окуп биле алат. Газетада абитуриенттин номери (регистрация), жана өткөн окуу жайынын бөлүмүнүн шифры жазылуу болот. Мисалы: Окуучунун ОТОБ регистр. номери Јткөн бөлүмдүн аты, номери 726622 392135 101112 846145 ж. б. деп жазылса

1-номердеги окуучу өзү каалаган бөлүмдөрүнүн бири болгон Анкара университетинин «Англис Тили жана Адабияты» бөлүмүнө (4 жылдык), 2-окуучу Селджук университетинин «Компьютер программисти» бөлүмүнө (2 жылдык) өттү деп эсептелет. ООС сыноосунун сыноодон мурун берилген китепчесинде Түркиядагы, Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы жана кээ бир чет өлкөдөгү (эки жактуу макулдашылган Орто Азиядагы) университеттердин кээ бирлери, факультеттер, бөлүмдөрдүн шифрлары, канча орун бар экени, канча балл менен өтөөрү «кесиптер жана окуу жайлары» таблицаларында берилет. Экинчи баскыч сыноосунан өткөндөр, бул сыноодон кийин окуучуларды кабыл алган окуу жайлардын тиешелүү бөлүмдөрүнө студент болуп кабыл алынат. Сыноо июнь айында болот. ОТОБдун экинчи баскыч сыноосунан (ООС - орноштуруу сыноосу) өткөндүгү жана каалаган кесиптеринин бирине орноштурулганын билгенден кийин, абитуриент жатакана үчүн шаардагы «жатаканалар коомуна» арыз берип, орун алып жашай берет. Жогорку окуу жайына студент кабыл алуунун Түркиядагы борборлоштурулган бул ОТОБ сыноо системасы бир тараптан оң ой, экинчи жактан татаал.

Оң ой тарабы - мектептин, лицейдин бүтүрүүчүлөрү «университетке документ тапшырам» деп жайдын ысыгында шаардан шаарга кетпейт. Мектептен же курстардан алган билими менен жашаган жеринен бир гана күндө тандаган 18 кесиби үчүн сыноо берет. Абдан каалаган кесибин «кесип тандоо баракчасынын» баш жагына жазат. Ушул эле жылы, бир жыл дагы окууга тапшырам деп күтпөй тандаган 18 (же 24) кесиптин бирине өтүү мүмкүнчүлүгү бар. Бир эле кесип, ар кайсы университетте болушу мүмкүн. Бири бирине жакын кесиптер болушу мүмкүн, кээде тескерисинче, бири-бирине таптакыр жакындабаган кесиптер да болушу ыктымал. Окуучу кесиптерди тандоодон мурун ар бир мектептеги психолог-даанышман (кең еш берүүчү) менен кең ешет. Психолог мектепте ар бир бүтүрүүчүгө кесип тандоо тесттин жүргүзөт. Тестте баланын кайсы иштерге же кесипке шыгы болуп, ошол ишти аткарып кете ала турганы жөнүндө белгилүү болот. Мектеп психологу ошого жараша жол көрсөтөт. Психологдун жол көрсөтүүсүнө карабай кээ бирлери «эптеп окууга өтүп алсам» деген ойдо ар кайсы кесипти жаза беришет. Баланын каалабаган кесиби да болушу мүмкүн. Мамлекеттик же өзүмдөк университет болсун, бала ОТОБ сыноосу аркылуу гана өтөт. Ар бир студент окуусу үчүн жылда эки жолу окуу акысын төлөшөт. Бюджеттик бөлүмдөгүлөр аз төлөшөт. Контрактык бөлүмдөгүлөр жана өзүмдүк университеттегилер көп төлөшөт. Бюджеттик бөлүмдөгүлөр стипендия берген уюмдардан стипендия же мамлекеттен «кредит» ала алышат. Кээ бир өзүмдүк университеттердин кээ бөлүмүнө жыл сайын университет өзү стипендия төлөп 3- 4 студент кабыл алышат. ОТОБ сынагынын дагы бир оң ой жагы, ар бир университетте мугалимдер экзамен алуу үчүн суроо даярдабайт. Абитуриенттер үчүн суроолор ОТОБ борборунда даярдалат. Ал жерде лицей жана университет мугалимдеринен түзүлгөн атайын коммисия иштейт.

ОТОБ сыноосунун татаал жагы, ар ким абдан тырышып, аракеттенип окуп, билсе гана университетке өтө алат. З. А. Малькованын «Стратегия развития для XXI века в Японии» аттуу эмгегинде да жазылгандай Япониядагы сыяктуу «сыноо тозогу» деген түшүнүк Турцияда да бар. Экзамен чын эле «тозок». Себеби, эгер окуучунун мектептен алган билими жетиштүү сыяктуу сезилсе, бала өзүнүн билбегенин сезсе, окуучунун ата-энеси репетитор жалдайт. Университетке даярдоо курстарына акча төлөп барышат. Кичинекейинен баштап күн түн дебей университетке өтүү үчүн даярданышат. Балдарынын университетке өтүп окуусун, келечекте бир иштин, кесиптин ээси болуусун ар бир ата-эне каалайт. Ал үчүн балдарын жакшы же өзүмдүк мектептерге, уклондуу мектептерге окутууга аракет кылат. Бирок ал мектептер конкурс менен алышат. Балдарын университетке окутуу ар бир ата-энени түйшөлтөт. Бала да дайыма сабак окуп жатып жадайт. Стресске, депрессияга кирет. Ушинтип, университетке кирүүдө ата-энелер үчүн да, балдар үчүн да чоң кайгы жараткан чоң жарыш бар. Жарыштан өтүү үчүн да баары эмгектенишет, (Эрдоган,1997).

Мектептердин жана лицейлердин негизги максаты, лицейден кийин да окугусу келгендерди чоң жарыш ичинде университетке даярдоо болуп саналат. Бул иш мугалимдер үчүн да оор. Университетке кирип, максатына жетүү үчүн миң деген жаштар экзамендин стресси алдында калат. Кээси бул системадан жадап окуу үчүн чекит коюп мектепти таштап коюшат. Окуучулардын 11 жылдык мектептеги эмгеги, билимин мындан ары улантышы же улантпоосу, тагдыры бир күндүк экзаменге байланыштуу болуп калып жатат. Түрк педагогу Эрдоган, бул системанын оор экенин, өзгөртүү керектигин белгилейт (Эрдоган, 1997, 214-215 б).

2002-жылдагы ОТОБдо ОТСда 120.000 жана андан жогорку балл алган абитуриенттер, университеттердин 2 жылдык жана 4 жылдык программалары болгон таблицалардын биринен эң көп 18 бөлүмдү тандай алат деген чектөөнү алып салды. ОТОБ 2002-жылынан бери кесиптик лицейлерден 2 жылдык атайын орто окуу жайларына экзаменсиз өтүү башталганы үчүн кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүсү болгон абитуриенттер тандоону кандай эрежеге карап жүргүзө турганы белгиленген. Ушуга карап абитуриенттердин тандоо жасоосунда да оң ойлук таанылды. Мурунку системада (1999) (ОSS) ОТСдан (Окуучу тандоо сынагы) 120.000 жана андан көп балл алган абитуриенттер 2 жылдык жана 4 жылдык программалардан жалпы 24 бөлүм тандай алат эле, бирок 4 жылдык программадан 18 бөлүмдү тандап, калган бөлүмдөрдү 2 жылдык болушу керек эле. Жащы кабыл алынган эреже боюнча, ОТСдан 120.000 жана андан көп балл алган абитуриенттер кааласа тандаган 24 бөлүмдүн баарын 4 жылдык кылып же арасынан эки жылдыгын да талдай алышат. Абитуриенттер мурунку сыяктуу тандоо таблицаларын бүт толтурушпайт. Кааласа бир эле тандоо жасоого болот.

ОТОБ, 2002 - жылкы ОТСтин жыйынтыгында ЖОЖ программалары арасында тандоо жасай турган абитуриенттер үч топко бөлүнгөн. - 2002- жылы ОТСга кирип 105.000 же андан көп балл алып сынаксыз өтүү укугу жоктор, - Биринчи жолу 2002-жылга университеттерде кесиптик 2 жылдык бөлүмдөрүнө сынаксыз кирүү үчүн арыз бергендер, ошол жылдагы жең илдиктен пайдалана алышат. 2003 – жыл үчүн унивеситеттердин 4 жылдык бөлүмдөрүнө эң аз 160.000 упай алуусу керек деп белгиленген. 2004-жыл үчүн да ошондой деп белгиленди. Бул системанын пайдалары: - Эң маанилүүсү, окуучу өзүнө ишенет. - Мамлекеттин билим берүү саясатынын туура экенине ишенент. - Кантсе да өз билими, өз күчү менен окууга өтө алат. - Бир эле жылдын ичинде бир канча кесипти, анын ичинде каалагандарын да тандай алат. - Бала шаарга барам деп убара болбойт. - Жалпы билим берүүдө бурмалоочулук, көтөрмөлөп баа коюу сыяктуу көрүнүштөр жок болот. - Бала өзү сабакты окубаса ЖОЖго өтө албасын, жакшы окуса өтө алаарын билип, мотивациясы жогорулайт, кызыгып окуйт. Јлкөбүздүн алдың кы өлкөлөрдүн катарына кошулушу үчүн да өз иштеринде жоопкерчилик ала алган, билимдүү, аң сезимдүү, эмгекчил жаштар зарыл. - Бул система боюнча сынактын жыйынтыктары компьютердик ыкма менен текшерилгендиктен, бурмалоо болбойт, ар ким өз дең гээлин билет. - Сынак суроолорун университеттин жана лицейдин мугалимдеринен да атайын тест суроолорун даярдоочу топ биргелешип даярдайт жана жашыруун болот. Жыйынтыктап айтканда, өлкөбүздө мындай системага өтүү үчүн: - биринчи иретте университеттерди тааныткан китепчелер менен бирге тест ситемасы жана кайсы университет канча балл менен алаары тууралуу маалымат берилген китепчелер басылып чыгуусу зарыл. - Экинчиден, мугалимдерди даярдаган окуу жайларында жана мугалимдердин кесибин өркүндөтүү курстарында, жер жерлерде бул система тууралуу атайын семинарлар уюштурулуп, мугалимдерге жана бүтүрүүчүлөргө жалпы маалыматтар берилүүсү пландалуусу зарыл. - Бул сынак тууралуу жана анын боло турган жери, убактысы тууралуу коомдук маалымат каражаттары аркылуу жарыяланышы пайдалуу болоор эле. Себеби, оз убагында билбей калып, коп сандагы балдар бул сынакка катыша албагандыгынан улам, каалаган окуу жайына кире албай калып жатышат.

«Дүйнө газетасы», 2.12.2002 – жылкы саны. Түркия Улуттук Билим берүү министрлигинин 1996-жыл үчүн токтомдору, Анкара.

2016-08-10 65 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10