Умарова Махбүбү


Умарова, Махбүбү (1928-жылы Араван району, Чек-Абад кыштагында туулган.) — Араван району, Социялистик Эмгектин Баатыры (1960). 1965-жылдан КПСС мүчөсү. Эмгек жолун А. А. Жданов атындагы артелинде колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1952-жылдан пахтачылык звеносу башкарат. 1959-ж. анын звеносу ар гектар жерден 47,4 цден пахта жыйнап алган. 1966-70-жылы СССР Жогорку Советинин депутаты.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, «Ардак Белгиси» ордени, медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

2016-08-10 27 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10