Улуу-Тоо оникс кени


Улуу-Тоо оникс кени Ош облусунун Ноокат районунда, Улуу-Тоо кыштагынан 8,5 км батыш тарапта, Улуу-Тоодо, деңиз деңгээлинен 1522 м бийиктикте. 1973-жылдан белгилүү. Кен аймагын силурдун чөкмө тектери түзөт. Кооз таш–мрамор оникси акиташ тегиндеги үңкүрдө кезигет. Үңкүр 102015 м өлчөмүндө. Оникс быдырлуу кабат жана сталактит, сталагмит кыртышы түрүндө. Кат-кат быдырлуу оникстин калыңдыгы 0,4–0,5 м, узундугу 7 мге чейин. Сталактит-сталагмит кыртышы үңкүрдүн төбөсү менен таманында кездешет. Сталактит жана сталагмит шиштеринин узундугу 0,5–0,6 м. Сары, саргыч боз, жездей сары түстө. Кооздук касиети эң жогору, блоктуулугу канааттандырарлык. Майда кооз буюмдарды жасоого жарамдуу. 1997-жылга карата баланстагы запасы: оникс сырьёсунуку С1 категориясы боюнча 167,9, С2– 45,6 т, С1+С2–213,5 т, кондициялык оникстики – С1–69,8, С2–24,1 т, С1+С2 – 93,9 т. Кен казылып алынууда.

2016-08-10 50 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10