Улуу-Тоо лиственит кени


Улуу-Тоо лиственит кени Ош облусунун Ноокат районунда, Көк-Жар кыштагынан 12 км түндүк тарапта, Кичи Алай кырка тоосунун түндүк этегинде. 1968-жылдан белгилүү. Кен аймагын силур мезгилинде пайда болгон эффузия-терриген тоотектери түзөт. Бул тектер тектоникалык жаракалар менен тилмеленген татаал түзүлүштөрдү пайда кылган. Лиственит ошол жаракаларды бойлой жайгашып, кеңдик багытта созулуп жатат. Калыңдыгы 5 м, узундугу 1,5 км. Лиственит кварц менен карбонаттан турат. Кара, каралжын боз түстө. Жашыл боз, саргыч боз темгилдер кооз оймо-чиймелерди пайда кылып, жылмалап сайкалданган тактанын бетине өзгөчө түр берет. Имарат дубалдарын кооздоп каптоого жана майда кооз буюмдарды жасоого жарактуу.

2016-08-10 38 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10