Ультиматум


УЛЬТИМАТУМ (лат. ultmatum – аягына чейин алпаруу) – 1. эл аралык укукта бир мамлекеттин экинчисине оозеки же жазуу түрүндө жиберген дипломатиялык нотасы. Анда көрсөтүлгөн шарт-талаптарды белгилүү бир мөөнөттө кыйшаюсуз аткаруу талап кылынат да, аткарылбаса, ага карата ар кандай чаралар көрүлөт. Мисалы, жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүнү токтотуу, дипломатиялык мамилени үзүү, реторсияларды, репрессалияларды жасоо,

2. коркутуп-үркүтүү жолу менен чечкиндүү талап коюу. Күч колдонуу аркылуу коркутуп-үркүтүп, үстөмдүк кылуу ООНдун Уставына шайкеш келбейт.

"Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия" Бишкек 2003.
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору"
"И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети"
"Башкы ред. Ү. А. Асанов, жооптуу ред. А. А. Асанканов".
"Ред кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага) Т. Н Өмүрбеков"





2016-08-10 295 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10