Улан


Улан–Атбашы суусунун сол курамы. Нарын кырка тоосуна Улан тоосу кошулган жердеги чакан мөңгүлөрдөн башталат. Узундугу 21 км, алабынын аянты 234 км, деңиз деңгээли орточо бийиктиги 3600 м. Суу куралуу облусуна кирет. Бийик тоолуу кууш өрөөн аркылуу шар агып, Ойнокжар туштан Жаңыжер суусу менен кошулат да, Атбашы суусун түзөт.11 куймасы бар, ирилери:Көкжар, Текелитөр, Байбиче жылаңач(оң),Аюулутөр(сол. Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Алабында жалпы аянты 8,3км2 келген 25 чакан мөңгү бар. Жылдык орточо чыгымы 2,50 м3/сек, эң көбү июнь-июлда, эң азы февраль-мартта байкалат.

2016-08-10 34 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10