Улак тартыш


Улак тартыш, көк бөрү – кыргыздын улуттук ат оюну. Улак тартыш илгертен бери чоң салтанаттарда, майрамдарда, аш-тойлордо өткөрүлгөн. Татаал, коркунучтуу, кокустуктары көп оюн болгондуктан атаандаштардын ортосунда кадыр-барктуу, тажрыйбалуу кишилерден бокобулдарды (калыстарды) дайындашып, ошолордун чечими боюнча оюн өткөрүлгөн.
Улак же серкени мууздап, баш, шыйрагын кесип салып, ичинин кичине жерин жиреп, ичеги-карынын да алып салып, кесилген жер менен мууздоосун бекем тигет. Атаандаштар эки тарапка (ата, айыл, аймак боюнча) бөлүнүшүп, жакшы аттарга минишет. Бөлүнгөн жааттар бирдей санда (3, 5, 7) оюнчуларды чыгарышат. Оюндун негизги максаты жерге ташталган улакты эңип алып, атаандаштарга тарттырбастан белгиленген марага алып келип таштоошондой Айрым учурда кичирээк торпок да тартылып, аны торпок тартуу деп аташат.
Оюнга жашы 19дан жогорку эркектер катыша алышат. Топтор 2—4 кишиден түзүлөт.

Улак тартылыш үчүн жумшак тегиз талаа же аянт тандалып алынат, аянттын эки жагынан бийик тиги 50—60 см. келген желектер менен дарбаза белгиленет. Дарбазанын кеңдиги 15 метр. Талаанын ,(аянттын) өлчөмү: кеңдиги 100—150 метр, узундугу — 200—300метр. Талаанын ортосунда диаметри 6 метр келген мара жайгашкан. Дарбазанын алдында 2 метр кеңдикте, узундугу 15 метр келген аянтча чийилет. Улакты ушул аянтчанын ичине түшүрүү керек же чиймеге илинип жатууга тийиш. Эгерде улак бул аянтчага жетпей же ашып барып түшсө, калыс тешүүнү токтотуп, улакты дарбазадан 25—30 метр, жерге алып барып таштайт. Анан ышкырыгы менен кайрадан беттешүүнүн башталганын билдирет, 20— 25 метр алыстыкта сызык чийилет, же желекче сайылат. Улакчылар беттешүүнүн жүрүшүндө улак менен ушул сызыкты (желекчеден) өтө чаап кетишсе оюн токтотулат да кайрадан ортодон башталат.

Дарбазаларды аныктоо оюн башталардан 1 саат мурда чүчүкулак кармоо аркылуу жүргүзүлөт.
Топтор талаага чыгаардан мурда ага калыс жардамчылар менен ортосуна бастырып барышат да, белги берет (ышкырыгы же желегин көтөрүү менен). Ушул белги боюнча топтор талаага чыгышат да, ар кимиси борбордук айлампадан 7—8 метр аралыкта бир бирине маңдай-тескей болуп тизилишет. Андан кийин бири-бирин куттукташат, ал эми топтордун башчылары болсо өз ара жана калыстар менен кол алышын учурашышат. Ошондон кийин башкы калыстын жардамчылары талаага жөнөшөт, ал эми башкы калыс белгиси боюнча чийимдин ортосуна ар топтон бирден катышуучу келип турушат. Алар жерден улакты илип алар замат кармашууга топтордун калган мүчөлөрү киришет.
Ар бир топтун максаты — улакты «каршылаш» топтун дарбазасына таштоо жана өз дарбазасына улакты таштатпоо болуп саналат.
Кайсы топ каршылаш топтун дарбазасына улакты канчалык көп таштаса, ошол топ жеңди делип эсептелинет. Бир жолку беттешүүгө 15 минут убакыт берилет. Улактын салмагы 30—40 килограммдын чегинде болууга тийиш. Оюнчулардын каалоосу боюнда улактын оордугун, оюн ойнолуучу убакытты өзгөртсө болот.

Бир күндө ар бир топ эң көп дегенде үч оюнга катыша алат.

2016-08-10 109 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10