Украина


Украина – КМШдагы ири мамлекеттердин бири. Украина КМШнын европалык белугунун туштук-батышынан орун алган, Россия, Белорус, Молдова, Польша, Слова¬кия, Венгрия, Румыния менен чектешет. Аянты 603,7мин км.2 Борбоу – Киев шаары. Аймактык администрациялык жактан Украина 24 облуска жана Крым Автономия Республикасына болунот. Ири шаарлары: Киев, Харьков, Днепропетровск, Донецк, Запорожье, Львов ж. б. Украинанын чек арасын транзиттик темир жолдор, автомо¬биль жолдору, нефть, газ тутуктору, авиалиниялар, жогорку вольттуу электр зымдар кесип отот, алар аркылуу коптогон Ев¬ропа олколору менен экономикалык байланыштар жургузулот. Украинанын географиялык абалы адамдын жашоосуна жана чарба жургузуусуно ынгайлуу. Ал торт аралаш токой, токойлуу талаа, талаа жана кургак субтропиктик (Крымдын туштук жээги) жаратылыш зоналардын ичинде жайгашкан. Эн башкы табигый байлык - жер байлыгы. Жеринин бети туздуктуу келип (Карпат, Крым тоолорун эсептебегенде), асыл кара топурак басымдуулук кылат, мелуун, субтропикалык климаттык шарты бардык маданий осумдукторду остурууго мумкундук берет. Жалпысынан жаратылыш ресурстары айкалышып интенсивдуу айыл чарбаны онуктурууго шарт тузот, жери чарбалык жактан толук оздоштурулгон. Украинада дарыялар коп, бирок Днепрден башканын суусу аз, гидроресурстарга жарды. озгочо республиканын туштук, туштук-чыгышында агын суу айыл чарбада тартыш, ал эми онор жайлуу Донбасс, Кривой Рог ж. б. райондордо да суунун жетишсиздигинен ири каналдар казылган. Украинанын аймагында ар турдуу казылып алынуучу кендер ачылган. Турдуу кендердин анчалык чон эмес аймакта айкалышып жатышы, озгочо кара металлургия, химия ж. б. онор жайынын онугушуно ото ынгайлуу. Биринчи кезекте Донецк бассейнинде жогорку сапаттагы коксталуучу кемурдун запасы (50 млрд. т.), Кривой Рогдогу темир рудасынын зор запасы, Никополь менен Большой Токмактагы марганец рудасы, Донбасстагы акиташ, отко чыдамдуу чопо Украина¬да кара металлургиянын онугушу учун эн жакшы шарт тузот. Европадагы эн ири жаратылыш газы чыккан кен - Шебелинка аны «когултур Донбасс» деп да аташат. Булардан тышкары Дашава, Долинскоеде жаратылыш газы, Кременчук, Керчте темир кендери, Львов - Волынь бассейнин¬де энергетикалык комур, Донбасста кайнатма туз, Карпатта калий тузу, Сивашта ар кандай туздар, Днепр боюнда нефть, Львов областында табигый кукурт кендери бар. Украинанын туштугу каолин, бор, акиташ, курулуш материалдарга бай. Украинанын рекреациялык ресурстары ото коп жана ар турдуу. Карпат менен Полтава областындагы дарылык касиети бар минералдык булактар, дениз жана тоо курорттору, Кара дениздин жээгиндеги ден соолукту чыцдоочу зоналар, Крым менен Карпаттын кооз жерлери рекреациялык чарбаны онуктурууго ынгайлуу шарттарды тузот. Калкы - саны боюнча (51,9 млн. ашык) Украина Европанын ири онуккон мамлекеттери Улуу Британия, Франция, Италиянын катарында. Калктын орточо жыштыгы - ар бир км2 жерде 100 киши туура келет. Туштук-Батыш райондо калктын орточо жыштыгы 1 км2га 83 киши тура келет, Киев областында -157 киши, Чернигов областында -44 киши. Украинанын борбору Киевде 2,5 млн. киши жашайт. Калктын улуттук составында украиналыктар басымдуулук кылат (90%). Аймактар боюнча калк тек¬ши жайгашышкан эмес, Донбасста 1 км2 жерге 200 киши, Днепропетровск областында 122 киши туура келсе, Полесьеде (тундук), кургакчыл талаада (туштук) калк сейрек жайгашкан. Олкодогу калктын 75% украиндар, Донецк, Луганск, Крым областарында орустардын саны кеп (40% жетет). Бу¬лардан башка еврейлер, поляктар, татарлар ж. б. кептеген улуттардын окулдору жашашат. Украинада жалпы калктын 80%га жакыны шаарларда жашашат, ал эми онор жайлуу До¬нецк областында бул корсоткуч 90%, Днепропетровск облас¬тында - 84%ды тузот. Украинада ири жана миллионер шаарлар кеп, 1млн. дон ашык калкы бар Киев, Харьков, Днепро¬петровск, Донецк, Одесса шаарлары. олкодо ири шаардык агломерациялар тузулуудо (Киев, Донбасс, Днепр бою ж. б.). Украинанын шаарлары ар турдуу мезгилдерде пайда болуп, ар кандай функцияларды аткарышат. Борбордук болукто жана Киев жайгашкан райондордо эски шаарлар басымдуулук кылат, ар турдуу функцияларды аткарат. Донбасста, Днепр боюнда жаш шаарлар басымдуулук кылып, алардын онор жайлык мааниси ото чон. Туштукто дениз жээгинде порт шаарлар басымдуу, аларда онор жай ишканалары, курорттор топтолгон. Прикарпатьеде кендерди оздоштурууго байланыштуу жаны, майда жана орто шаарлар пайда болгон. Айыл чарбасы. Украинанын айыл чарбага жарактуу жери 41,9 млн га. 1990-жылы 51,0 млн тонна эгиндик тушуму жыйналса, 1997-жылы ал 35,5 млнготомондогон. Айыл чарбасынан тушкон дун кирешенин 45%ын дыйканчылык берет. Айыл чарбасы акырындап жогорулоонун устундо, 2004-жылы 2003-жылга караганда продукциянын жалпы колому 19,1%га оскон.

Отун-энергетикалык онор жайдын озгочолугу - мында нефть жана газ ондурууго караганда комур казып алуу (озгочо таш комур) басымдуулук кылат. Коксталуучу комур металл эритуу учун пайдаланылса, энергетика¬лык комур электр станцияларда жагылат. Нефть жана газ толук жетишпегендиктен, аларды Россия ж. б. олколордон алып келет. Электр энергетиканын негизин ири жылуулук станциялар тузот, алар негизинен комур менен, ошондой эле газ, мазут менен иштешет. ГЭСтердин электр энергия иштетип чыгууда улушу анча чон эмес, бирок Днепрде 6 ГЭСтен турган каскад курулган, анын жалпы кубаттуулугу 3 млн. кВт. олкодо Крым, Туштук Украина АЭСтеринин курулушу токтотулду. Украинадагы бардык электр станциялар бирдиктуу энергетикалык системага кошулган. Кара металлургия Украинанын эн жогорку денгээлинде онуккон чарба тармагы. 1995-ж. 50 млн. т темир рудасы, 3,2 млн. т. марганец рудасы алынган, 18 млн. т чоюн, 22,3 млн. т болот эритилген. Анын онугушуно Донбасстын коксталуучу комуру жана Кривой Рогдун, ошондой эле Керчь, Кременчуктун темир рудасы оз таасирин тийгизет. Украина¬да азыр кара металлургиянын уч негизги району тузулген - Донецк району (Донецк, Макеевка, Краматорск, Константиновка) жергиликтуу коксталуучу комур, Кривой Рогдон ташылып келинуучу руданын базасында, Днепр боюндагы ра¬йон (Днепропетровск, Кривой Рог, Запорожье, Днепродзер¬жинск) жергиликтуу руда, ташылып келинуучу отундун (Дон - басстан) негизинде, Азов боюндагы (Мариуполь) район Керчтин рудасы менен Донбасстын коксталуучу комуру менен иштейт. Тустуу металлургия Запорожьеде титан, магний, алюминий, Константиновкада цинк, Горловкада сымап, Ки¬ровоград областында никель эритилет. Украинанын кубаттуу металлургиясы машина куруунун, озгочо оор машина куруунун базасын тузет. Олкодо металлургиялык жабдуулар, тоо кен жабдуулары, транспорттук машиналар (тепловоз, электровоз, жук ташуучу вагондор, автомобилдер), энергетикалык машиналар, тракторлор, айыл чарба машиналары, дениз жана дарыя кемелери чыгарылат. Бул тармактын бардыгы металлды коп талап кылат. Акыркы жылдары копчулук шаарларда эмгекти коп талап кылуучу - станок, прибор куруучу, электрондук, электротехникалык машина заводдору курулуп жатат. Химия онор жайынын осушу да комур, метал¬лургия онор жайы менен байланышкан коксохимия негизинен азот жер семирткичтерин берет. Бул тармак жергиликтуу сырьё - туздарды, фосфориттерди, калий туздарын, кукуртту пайдаланып, сода, суперфосфат, калий жер семирткичтерин ондурот. Нефтехимия онугуудо, радиотехникалык буюмдар, химиялык буюмдар алынууда. К у р у л у ш онор жайынан - цемент, темир бетон конструкциялары керамикалык плиталар, трубалар, айнек, дубал материалдарын жасоо онуккон. Женил жана тамак-аш жайынын бардык тармактары, озгочо кант онор жайы боюнча Украина алдынкы олколордун катарына кирет. Украинанын интенсивдуу айыл чарбасы бар. Коп тармактуу айыл чарбанын ичинен дан эгин, озгочо куздук буудай, жугору, техникалык осумдуктордон кант кызылчасын жана кун караманы остуруу боюнча адистешкен. Дыйканчылыктын интенсивдуу онугушуно коп шарттар таасир кылат, мисалы тушумду коп беруучу кара топурак, жагымдуу климат, калктын жогорку жыштыгы, онуккон онор жай, дыйканчылыктын эзелтен берки калыптанып калган ыкмалары, ынгайлуу географиялык абал ж. б. Украинада транспорттун бардык туру онуккон, бирдиктуу транспорттук система тузулгон. Республиканын аймагын жыш темир жол, автомобиль жолдору, нефть, газ тутуктор, авиалиниялар кесип отот. Интенсивдуу жук, жургунчулорду ташуу Кривой Рог - Донбасс, Донбасс - Борбордук Россия багытына туура келет. Украинанын дениз транспорту дуйнонун коп олколору ме¬нен байланыштырып турат, тышкы соода-сатык онугуудо. Днепрде дарыя кеме катнашы онуккон. Негизги комур онор жай району – Дон-Бою. Бул Украинада гана эмес Европадагы ири комур бассейни. КМШ олколорунун коксталуучу комурунун тенин берет. Комур Россия жана башка коншу олколорго экспорттолот. Кара металлургиянын онугушуно Кривой Рогдун, Кремен-Чуктун жана Керчтин темир рудасынын, Донбасстын кокста¬луучу комурунун, Никопольдун маргенцинин жакын жатышы ынгайлуу шартты тузду. Мурда саналган уч металлургиялык район ушул Донецк-Днепр боюнда жайгашкан. Запорожье шаарында алюминий, титан, магний ондурулот. Металлдын 2/3 болугу сыртка, башка райондорго жонотулот, ал эми 1/3 райондун ичиндеги оор машина куруу комплексинде пайдаланылат. Мисалы, Луганскиде тепловоздорду, Краматорскиде экскаваторлорду ж. б. жабдууларды жасоого жумшалат. Кременчуг менен Запорожьеде автомобиль заводу, Харьковдо металлды, эмгекти коп талап кылуучу машина куруучу заводдор бар. Шебелинка районунда газ ондурулот, аны жергиликтуу энергетика, хи¬мия онор жайында пайдаланышат, газдын бир болугу башка райондорго жонотулот. Озунун нефтиси жетишсиз, Кременчугда нефть иштетуучу заводдор иштейт. Ра¬йондун химия онор жайы сода, кукурт кислотасын, жер семирткичтерди чыгарат. Нефтехимиянын негизги борборлору болуп Горловка, Северодонецк эсептелет. Донецк-Днепр боюндагы район айыл чарбасы жагынан жакшы оздоштурулгон жана дан, кун карама, кант кызылчасын, жашылча остурууго адистешкен. Эт-сут багытындагы мал багылат. Донбасс, Днепр бою, Харьков районунда шаар айланасындагы чарба муноздуу. Туштук-Батыш район онугуу денгээли боюнча Донецк - Днепр боюнан артта. Райондун ондуруштук комплексинде башкы орунду агрардык индустриялык, машина куруу, тоо-кен жана нефтехимия ондуруштору ээлейт. Бул район Украинанын башкы айыл чарба базасы, айыл чарбасы зоналдык мунозго ээ. Тундукто (Полесьеде) мелуун, нымдуу климаттык шартта, подзол топурагы басымдуулук кылат. Бул жерде була беруучу зыгыр жана айдалма чоптор жакшы осот. Шалбаалар, токой арасындагы жайыттар мал чарбасын остурууго пайдаланылат. Эн коп аянтта картошка эгилет, дан осумдукторунон кара буудай, сулу, гречиха остурулот. Токойлуу талаада кант кызылчасын жана куздук айдоо боюнча эн маанилуу зона тузулгон. Алардын осуп жетилишине жаан-чачындын жетишерлик жаашы жана кара топурак комокчу болот. Бул жерде жемиш бактары, Закарпатьеде жузум остурулот. Туштук-Батыш райондо тамак онор жайы, озгочо кант онор жайы артыкча мааниге ээ. Кант заводдору кызылча айдалуучу жерлерге жакын жайгашат (орто, майда шаарларды, селолордо). Эмгек ресурстарын рационалдуу пайдалануу ушуга байланыштуу. Кант кызылчасын эгуу, кант ондуруу жана башка тармактардын онугушуно (семирткич, машиналарды курууга, транспортко) алып келген, б. а. кант комплекси тузулгон. Машина куруу, тамак, женил, нефть, газ онор жайына адистешкен. Ушул эле жерде автобустар, дарыя кемелери, ар турдуу аппаратуралар да жасалат. Проблемалуу маселелерден - райондун батыш болугунун онор жай онугушун тездетуу, Полесьенин саздарын кургатуу, топуракты эрозиядан коргоо турат.

Соодасын айтсак, ата-мекендик продукция 60%ын тузот. ЕС мамлекеттеринин ичинде Украина товарларынын артыкчылыгы бар. Украина БУУнун мучосу болуп эсептелет. Ошондуктан Украинанын соодасында эл аралык мамилелердин орду чон. Украинанын экономикалык онугушу откоол стадиясында коз карандысыз мамлекет катары дуйнолук коомчулуктун бардык мамлекеттери менен экономикалык мамиле тузо алат. Кара жана Азов дениздеринин боюнда жатышы дениз аркылуу дуйнонун соода жолуна чыгышына шарт тузот. Украина туризми жакшы онуккон олко. Жылына 20 млнго жакын адамдар келишет. Алар: Россиядан, Молдовадан, Белорусиядан, Чыгыш Европа олколорунон, АКШдан, Узбекистандан, Израилден ж. б. олколордон Украинага киришет. Анын ичинен 90%ы оз иштери менен, 6%ы туристтик декларация толтуруп киришет. Украинада массалык туризм 19-кылымдын жарымында башталган. Туристтерди аскага чыгуу, тоо лыжа спорту, бай архитектурасы, олконун диний тарыхы, маданияты жана жаратылышы кызыктырат. Украинанын бардык региондорунда дарылоочу курорттор бар. Туристтер эс алуу менен бирге даарыланышат. Баарына белгилуу болгон «Крым санаториясы», тоолору, суусу, токою, архитектуралык жана тарыхый эстеликтери, сейрек кездешуучу эс алуучу жайлары озуно тартат. Мындан тышкары Карпат тоолорунда курорттор дуркуроп онуккон. Украинанын рекреациялык чарбасы онугуп жатат. Крымдын туштук жээгинде, дениз боюндагы шаарларда, Карпатта эс алуу жана дарылануу учун эн жакшы шарттар бар. Жылдын бардык мезгилинде Ялтага, Алупкага, Алуштага, Трусковецке, туристтер менен эс алуучулар тынымсыз келип турушат. Украинанын курорт чарбасы жана туризми онугуудо.

2016-08-10 245 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10