Угги


Угги (Ugg boots - uggs, англис тилинде ʌgz, «агз» болуп окулат)— Угги койдун терисинен тигилген өтүк, бул бут кийим мырзалар жана айымдар үчүн. Мекени Австралия жана Жаңы Зеландия деп айтылат. Бирок анын келип чыгышы тууралуу так маалымат жок.

Башында уггини фермерлер кийишчү. Америкага 1980-жылдардын башында келген. Массага 2000-жылы «Чоӊ шаардагы секс» сериалында башкы ролду жараткан актриса Сара Жессика Паркер аркылуу тараган. Ошол кезде аталган сериалдын аябай популярдуу болуп турган кези эле. Андагы актёр жана актрисалар эмне кылбасын заматта эл арасында модага айланчу. Атактуу болуп турганда Сара уггини кие баштайт. Жыйынтыгында аталган өтүк дүйнөнүн бардык бурчунда жашаган айымдардын гардеробунда алмаштыргыс орунду ээледи.

Бул бут кийимдин багалеги жоон болгондуктан көпчүлүк толук кыздар аны кийүүдөн коркушат. Стилисттердин айтымында, эгерде өтүктүн туура түрүн тандаса, ал бардык айымдарга жарашат. Толук кыздар кончу кыска угги кийгени туура. Узуну бутка ого бетер көлөм кошуп көрсөтөт. Уггини жигиттер да кийсе болот. Кыз-келиндерге айтылган кеӊештерди мырзалар да кулагына куюп алганы оӊ. Жашы өтүп калган айымдар үчүн аталган өтүк ыӊгайсыз. Стилисттер муну «улуу курактагы аялдар элеганттуу болушу керек, угги стилдүү болгону менен, элеганттуулук тартуулай албайт» деп түшүндүрүшөт.

2016-08-10 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10