Убукеев Мелис


Таланттуу кинорежиссер, манастаануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл артисти - Убукеев Мелис Айткулиевич 1935 жылы 17 апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн, 1996 жылы 27 июлда дүйнө салган.

М. Убукеевдин "Тайгак кечүү"тасмасы, кыргыз кинорежисеру тарткан, туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.

М. Убукеев "Манас" эпосуна терең кызыгып толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы менен кызматташып улуу эпос боюнча материал чогулткан. Бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган. "Манас" дүйнөсүнүн ачкычы катары манасчылардын чыгармачылыгына кайрылып 1962-ж. үч бөлүктөн турган "Саякбай Каралаев" аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-ж. жарык көргөн "Улуу манасчы" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан.

Мелис Убукеев Таттыбүбүнү алгач байкап, атайын айылына барып, аны актердук билим алып, чыгармачылык жолуна түшүүгө ынандырган. Кийин Т. Турсунбаева "Ак-Мөөр" тасмасында Ак-Мөөрдүн ролун ойногон.

1961 ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факултетин бүтүргөн.
1965 ж. ВГИКти (Бүткүл Союздук Кино Институту) Сергей Герасимовдун өнөрканасын бүтүргөн.
1972 ж. "Казахтелефильм" киностудиясынын режиссеру.
1974 ж. "Кыргызтелефильм" киностудиясынын режиссеру.

Эскерүү иретинде тартылган даректүү тасмалар (авторлору Леонид Дядюченко жана Саида Садыкова):

Кинопоиск

М. Убукеевдин тасмалары IMDB желеконушунда

2016-08-10 54 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10