Убукеев Айткулу


(КУБАТБЕК У.)

(1905–1973)

Жазуучу, котормочу, журналист Айткулу Убукеев Пржевальск уездиндеги Кереге-Таш айылында 1905-жылы туулган. 1921-жылы мугалимдерди даярдоочу алты айлык курсту аяктагандан кийин Кереге-Таш айылында башталгыч мектептин мугалими болот.

1925-жылдан баштап А. Убукеев «Кызыл Кыргызстан» гезитинин адабий кызматкери, «Ленинчил жаш» гезитинин жооптуу редактору, 1928–1930-жж. комсомолдун Каракол кaнтондук комитетинин катчысы, 1932-жылга чейин, «Кызыл пахтачы» гезитинин жооптуу редактору болуп, пар-тиялык жана советтик кызматтарды аткарып, 1935–1937-жж. Москва шаарындагы Советтик курулуштун жогорку курсунда окуйт. Окууну бүткөндөн кийин «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редакциясында иштейт. 1955 – 1965-жж. «Чалкан» журналынын редакциялык коллегиясынын мүчөсү, редактору, башкы редактору болгон.

1964-жылы Кыргызстан мамлекеттик басмасынан А. Убукеевдин «Чыр-Дөбө» аттуу повести кыргыз тилинде 1974-жылы орус тилинде чыгат. Ал эми алгачкы «Жыргал» аңгемелер жыйнагы 1954-жылы жарык көргөн.

Ал У. Кубатбек деген псевдоним менен жүз элүүдөн ашык фельетондорду жана жүздөн ашык очерктерди жазган.

1942-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, 1930-жылдан СССР Журна-листтер союзунун мүчөсү болгон.

А. Убукеев «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен, СССР Журналисттер союзунун Ардак грамоталары менен сыйланган.

2016-08-10 58 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10