Убакыт аралыгы


Убакыт аралыгынын эки негизги түшүнүктөрү бар:

Гринвич меридианы - убакыт аралыгынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

Убакыт аралыктарынын түзүлүүсү (time zones) бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын (убактылуу зоналар) жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт аралыктары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт аралыктарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.

Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.

Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).

UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт аралыктары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Азыркы убакыт аралыгынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык аралыктардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же минутасына) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт аралыкка бөлүнгөн. Бир аралыктан экинчи аралыкка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт — СССРде 1930—1931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт аралыктары болот, Орусияда мисалы. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт аралыгына кирет:

Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт аралыгын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт аралыктарын колдонушат. Мисалы Орусиядагы Саха Республикасы (Якутия) жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт аралыгын колдонушат.

Порт-Морсби) (Kilo)

Кашаанын ичинде убакыт зоналарынын аббревиациясы көрсөтүлгөн

2016-08-10 101 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10