Тyркияда мугалим даярдоонун тарыхый өзгөчөлөктөрy


Др. Кадиян БООБЕКОВА,
Кыргыз-Түрк «Манас» Университети

Мугалим дегенде баарынан мурун: өз тармагында керектүү жана жетиштүү билимге ээ болгон, мугалимдик кесиптин сырларын ар тараптуу билген, ойлонгон, суроо сураган, жаңыланууга жана өнүгүүгө өз салымын кошо турган, дайыма өз билимин өркүндөтүү үстүндө иштеген, коомго кызмат кылууну эң башкы принциби деп билген, кесибин сүйгөн жана аны дайыма өнүктүрүү үчүн аракеттенген, демократ, динден тышкары ойлонгон, активдүү, инсан укуктарына таянган мамлекетине болгон өз милдетин жана жоопкерчилигин билген, өз элинин моралдык жана ахлактык баалуулуктарын сүйүп, эркин жана илимий көз карашка ээ, инсан укуктарына урмат менен мамиле кылган, аң сезимдүү, билинбегенди билүүгө, жана жаңы нерселерди ойлоп чыгарууга, табууга аракеттенген, кесипке ылайык кишилик өзгөчөлүктөргө ээ жана жоопкерчиликтүү бир кесип ээсин түшүнөбүз.

Үйрөтүү иш аракеттери адам баласынын жаралышы менен бирге, эң биринчи уруу башчыларынын, улгайгандардын үй бүлө мүчөлөрүнө бир нерсе үйрөтүшүнөн башталган. Бара - бара эл көп нерсени билип, аң сезим өсүп, жашоо жана жаратылыш сырлары татаалдашкан сайын жаш муундарга жакшыраак бир нерсе үйрөтүп, аларды турмушка даярдоодо аларга керектүү билим берүүдө бул ишти атайын бир мекемеде ишке ашыруу (мектепте) жана балдарга бир кишинин үйрөтүүсү зарыл деген көз караш келип чыккан. Азыр мектеп жана мугалимдик кесиптин качан пайда болгону тууралуу так маалымат берүү мүмкүн болбосо да, үйрөтүү жана үйрөнүү иши инсандык тарыхы менен бирге жаралганын, мугалимдиктин эң эски кесип экендигин айтуу мүмкүн. Мугалимдерди даярдаган окуу жайлары дүйнөдө биринчи жолу Х1Х кылымда ачылган. Түркиядагы эң биринчи мугалимдерди даярдаган окуу жайлары Осман Императорлугу убагындагы көп максаттуу, ар тараптуу билим берген медреселер болуп саналат. Бул медреселер бир жагынан дин кызматкерлерин даярдаса, экинчи жагынан балдар мектеби (башталгыч мектеп - сыбян) үчүн мугалимдерди даярдашкан (Октай, 1991, 187-б., Акйүз, 1989, Өзтүрк, 1999, 183-б., Чаглар, 1999, 151-б.).

Осман Империясында Мугалим даярдоо.
Эң биринчи мугалим мектеби Султан Мехмет тарабынан Стамбулдун Фатих районунда ачылган Еюп жана Ыйык София медреселери эле. Султан Менмет Сыбян (балдар) башталгыч класстардын (6-10 жаш) мугалим мектеби үчүн башка медреселерден өзгөчөлөнгөн программа колдонгон. Бул программаларда жалпы медреселерде окутулган сүйлөө сабагы, коомдук илимдер сабактарынан башка да талкуулоо эрежелери жана окутуунун методдору сабактары да окутулган. Башталгыч мектеп мугалимдери үчүн мындай сабактын ошол убакта окутулуусу өтө маанилүү бир жаңылык эле. XIX кылымда 1824 - жылында Султан II. Махмуттун аскерге баргандардан кат тааныгандарын башталгыч класстын мугалими кылып алуу буйругу жарыяланган. 1824-жылы Султан II. Махмут башталгыч класстарга мугалим даярдоо боюнча реформа чыгарган. 1846-жылы «Жалпы Агартуу Бирдиги» (Министрлик) курулуп, андан кийин «орто мектептер» (тестиерлер мектеби 9-14 жаш) көбөйгөн. Эми ушул мектептерге сабак бере турган мугалим даярдоо орчундуу маселе эле. Ал үчүн 1848 – жылы Стамбулда «Дар-уль-муаллим-ин» аттуу мугалимдер мектеби ачылды (Акйюз, 1994, 4-б., Јк, 1997, 19-б.). Башталгыч мектептердин ачылышы жана ага мугалим даярдоо 1860-жылдарда гана араң иш жүзүнө ашкан. 1857-жылы Агартуу Министрлиги курулгандан кийин башталгыч мектепке мугалим даярдоо иши 1863-жылдан баштап кайрадан жанданган. 1868-жылдан баштап, Мугалим даярдоо мектеби экиге бөлүнүп, биринчи баскычы башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоочу бөлүм болуп ачылган. Мындай мектептер жер жерлерде ачылып, башталгыч класстарга мугалим даярдоо менен бирге жергиликтүү мектептин мугалимдерине окутуунун методдорун үйрөтөт эле. Башталгыч класс мугалим мектеби 1868-жылы Стамбулда ачылды (Јзтүрк,1998, 8-9-б.). Мугалим мектебинин мүдүрү мектепте усули жадидге карата/ жаңы метод боюнча сабак берип баштаган. Оңой үйрөнүлө турган алфавит системасы түзгөн. Буга ар тараптан каршы чыгышкан. Ошентип чөйрөнүн таасири менен 1871 - жылы мугалим мектеби жабылып калып, кайрадан 1872 - жылы ачылган. Эми областтардагы мектептер үчүн да мугалим даярдоо иши ушул окуу жайга милдеттендирилген эле.
Стамбулда башталгыч класстардын мугалимдери үчүн окуу жайынын /мектептин ачылышы £зтүрктүн ою боюнча «бир караганда Түркиянын ошол убакта билим берүү тарыхында 1848-жылы Тестиерлер (орто класс) мугалими даярдоо мектебинин ачылышынан да маанилүү эле». Себеби бул окуу жайы өлкөнүн баардык жеринде жайгашкан миңдеген сандагы сапатсыз мектептерди мезгилге ылайыкташтырып жаңыртууга өз салымын кошо турган башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо үчүн ачылган эле (£зтүрк, 1998, 9-б.). Эң биринчи 1848-жылы орто мектептерге мугалим даярдоо үчүн ачылган Дар-уль - муаллимин-и Рушти орто мектеп мугалимдери үчүн окуу жайы жаңы ачылган. Бул мектептер кийинчерээк өзгөрүп Даруль - муаллимин-и Идадиге (жогорку класстардын мугалими) окуу жайына айланган жана 1924 - жылга чейин иштеген. 1869-жылы Агартуу Министрлигинин буйругу менен мугалимдик биринчи жолу кесип катары каралган жана мугалим болгусу келгендер мугалим мектебин бүтүрүшү керек деген талап коюлган. Чоң мугалим мектебинин башталгыч класстардын мугалими даярдаган бөлүмүндө окуу мөөнөтү 2 жыл жана орто класстын (4-6 класс) мугалими даярдаган бөлүмүндө орто классты бүтүргөндөр үчүн 3 жыл эле. Кыз мугалим мектептеринде окутуу методдору сабагы окутулчу (Акйюз, 1994, 157-б, Бинбашыоглу, 1995, 41-б).
1869-жылы чыккан реформадан кийин мугалим мектептери жана алардын программаларында бир топ өзгөрүүлөр киргизилген. Бул реформанын чечими менен Стамбулда башталгыч, орто жана жогорку класстын мугалимдерин даярдоо бөлүмдөрү болгон Мугалим мектеби ачылат. 1870 - жылы Кыз мугалим мектеби ачылды. 1874-жылы мугалим мектебине жогорку класс мугалими бөлүмү да кошулду. Ушинтип, мугалим мектебинин башталгыч, орто жана жогорку класстарды окута турган мугалимдерди даярдоочу үч бөлүмү бар эле. Окуу мөөнөтү 3 жыл болчу. 1875-жылдан баштап бир жылдык мугалимдик курстар ачылып баштады.
Түркияда биринчи мугалим мектеби 1848- жылы ачылганын эске алсак, бул тармакта Европадан анча деле артта калбаганы байкалат. (Францияда революциядан кийин 1794-жылы, дүйнөдө биринчи мугалим мектеби, кийин жаңысы 1808-жылы ачылган. Англияда жана Белгияда 1830-жылы диндин таасиринен тышкары мугалим окуу жайы ачылган). Түркия Осман Императорлугунун Танзимат доорунан бүгүнкүгө чейин 155 жыл бою мугалим даярдоо боюнча абдан бай тажрыйбага ээ. Айрыкча башталгыч жана орто класстарга мугалим даярдоо боюнча көптөгөн окуу жайы ачылган. Бул окуу жайлары 1868-жылы ачылган башталгыч класс жана 1877- жылы ачылган орто класс мугалимдеринин мектебине кийинчерээк жогорку класстардын мугалими бөлүмү да кошулуп, педагогикалык окуу жайы пайда болгон (£зтүрк, 1996, 1-2-б). 1891-1892-жылдарда жарыяланган буйрукка караганда лицейлерде мугалим болуш үчүн лицейден кийин жогорку класс мугалими деген 2 жылдык окуу жайын бүтүрүш керек деген чечим кабыл алынган (£зтүрк, 1998, 7-б).
Экинчи Мешрутиет (Жаңылануу) Доорунда (1908-1918) мугалим мектебинин жогорку бөлүмү өз алдынча жогорку педагогикалык окуу жайы (Дар-уль муаллимин-и Али) болуп калды. Бул окуу жайдын окуучулары кээ бир сабактарын Дар-уль Фунунда (университетте) окушчу. Јлкөдө кыз педагогикалык окуу жайларынын саны көбөйгөн сайын аларга аял мугалимдерди табуу иши оордошту жана кыздарды да окууга көбүрөөк тарта баштады.
1913-жылы «Убактылуу Башталгыч Мектеп Мыйзамы» чыгып, 6 жылдык башталгыч билим баарына милдеттүү жана акысыз болгондон кийин өлкөдө мектептерге 70000 мугалим керек болгону Агартуу Министрлиги тарабынан белгиленген. Бул үчүн ар бир областта бирден кыз же эркек мугалим мектеби ачылды (МЕВ, 1971, 38-39-бб). Ал окуу жайларынын саны 65ке жетти. 1913- жылга чейин жакшы сапатта мугалим даярдоо жана алардын Батыштын сапатына ылайык болуусу үчүн аракеттенишкен. 1913-жылы аты аталган мыйзамдын жарыяланышы жана 1914-жылкы «жер жерлерде мугалим мектеби (педагогикалык окуу жайы) ачуу» мыйзамы Түркия Республикасы курулганга чейин мугалим даярдоодо күчтүү роль ойногон. 1914-1915-жылдарда Осман империясында 20 жерде педагогикалык окуу жайлары ачылган (Јзтүрк, 1998, 12-б). 1914-жылы Кыз пед университети болуп ачылды жана анда Табигый илимдер, Адабият, Тарых бөлүмдөрү бар болчу (Кочер, 1991, 203-б). Бул окуу жайында 6 жылдык билимден кийин 2 жыл окуса башталгыч класстарга мугалим же Элге Билим берүү бөлүмүнүн башталгыч класстары боюнча инспектор, 4 жыл окуса орто же жогорку класстардын, лицейлердин мугалими боло алат эле. Бул окуу жайында башталгыч мектеп менен бирге 16 жыл окуш керек болчу (Башаран, 1996, 110-б).
1915-жылы «Эркек жана кыз педагогикалык окуу жайлары жөнүндө» атайын мыйзам чыгарылып, окуу мөөнөтү кыздар үчүн 5, эркектер үчүн 4 жылдык болгондон кийин бул окуу жайда окугусу келгендердин саны азайган.

Стамбулдагы Башталгыч мектеп мугалимдери окуу жайы үч материкте жайгашкан Осман Императорлугунун бүт территориясында болжол менен 12 миң башталгыч мектепке мугалим табуу оңой эмес эле. Себеби Танзимат доорунун аягына чейин ар бир окуу жайы араң эле 20-30 мугалим бүтүрөт болчу. Ошондуктан 1872-жылдан баштап ар бир областта бирден педагогикалык окуу жайы жана Элге Билим берүү бөлүмү башчылыгы ачылышы тууралуу чечим чыгарылды. 1875-1900-жылдарда Түркиянын Европадагы жана Анатолиянын 16 шаарында педагогикалык окуу жайы ачылган. Стамбулдагы Даруль-муаллимин кийинчерээк Даруль амалиятка (практикалоо мектеби) айланган. Себеби, окуучуларды мугалимдик кесипке даярдоодо аларга окутуу методдорун да үйрөтүү керек болчу, ошону менен бирге педагогикалык практикага да атайын саат бөлүнгөн (Асланоглу, 1998, 20-б, 1995, 31-б).
Султан Абдулхамид доорунда (1877-1909) аймактагы окуу жайларынын саны 30га жеткен. Бул окуу жайларын жергиликтүү калк куруп, мугалимдери Министрлик аркылуу жөнөтүлгөн (Јзтүрк, 1998, 12-б). 1908-жылдан кийин борбордук жана аймактык педагогикалык окуу жайларында айрым өзгөрүүлөр болгон. 1908-1909- окуу жылында башталгыч класстардын мугалимдери окуу жайы 23 болчу, 1914-жылы анын ссаны 21ге азайса, мугалимдердин саны 60тан 220га, ал эми окуучу саны болсо 541ден 1878ге чыккан. 1915-жылы чыккан Башталгыч мектеп мугалими тууралуу Министрликтин «көрсөтмөсүнүн» ишке ашырылышы боюнча 1916-жылы жаңы чечим чыгып, аймактардагы мугалимдердин сан жана сапат жагынан артышы үчүн аракеттер жасалган. Бирок бул аракеттер ишке ашпай калган, себеби, биринчи дүйнөлүк согуш чыгып калып, мугалимдер жа жетиштүү эмес, окуучулардын көбү да согушка кеткен. Бул албетте сапатты начарлаткан (Јзтүрк, 1998, 13-б). 1915- жылкы программа көп деле өзгөрбөй, 4 жылдык окуу жайлары 1924- жылга чейин иштеген. II Мектеп Реформасынын чечими менен башталгыч класстарда окуу мөөнөтү 5 жыл болуп калгандан кийин, педагогикалык окуу жайларда мөөнөт 5 жылга чыгарылган жана 9 саат педагогикалык практикага орун берилген (Јк, 1998, 13-б).
Түркия Республикасы курулганда 20 педагогикалык окуу жайы бар эле.

1924- жылы «Окутуу тарбиялоо иштерин бирдикте алып баруу» боюнча чечим чыккандан кийин билим берүү иши динден тышкары болуп калды. Республика убагында мугалимдик үчүн атайын билим алуу керектиги каралган. 1924-жылы 4 жылдык болгон окуу мөөнөтү 5 жылга чыкты. Андан кийин 1926- жылы кайрадан Республикада баарына милдеттүү башталгыч билим (5 жылдык) алуу шарты жарыялангандан кийин «башталгыч класстардын мугалимдери да педагогикалык окуу жайды бүтүрүшү керек» деген мыйзам чыккан.
1932-1933- окуу жылында 6 жылга чыгарылды. Бул программанын биринчи үч жылында орто мектептин программасы окутулуп, калган үч жылында кесиптик багыт берүүгө ылайыкталган сабактар окутулган. Кийинчерээк орто мектеп программасын окутуу жоюлуп, үч жылдык педагогикалык окуу жайына айланган.

Мугалим – Билим берүү системасынын негизги элементи. Билим берүүнүн сапаты албетте мугалимге байланыштуу. Јлкөдө калктын санынын өсүшү жана мектепте окугандардын көбөйүшү билим берүү кызматында жүктү дагы да оордоткон. Бул маселени чечүү үчүн түрдүү чаралар изделген. Аларды мындай жыйынтыктоого болот:
1. Билим берүү тарыхында мугалим болуш үчүн кээде бар болгону окуганды жазганды билсе эле болот деген шарт коюлган.
2. 6-классты бүтүргөндөр күбөлүгү болсо эле 1950- жылдарда мугалим боло алышкан.
3. 1960- жылдарда аскерге милдеттүүлөр кааласа мугалим болуп аскердик кызмат өтөшүп, кийинчерээк мугалимдикке өтүп кетүүгө болот эле.
4. 1974-жылы кат аркылуу сырттан окутуу жолу менен мугалим даярдалган.
5. Јлкөдөгү мектептерге мугалимдер алардын бул ишке болгон жөндөмүнө жана каалоосуна эмес, саясий көз карашына карап ишке алынган.
6. Бир убактарда Йай-Кур б. а. сырттан окуу жолу менен миңдеген мугалим даярдалган.
7. Үч жылдык программаны бир жума ичинде окуткан ылдамдатылган программа боюнча да он миңдеген мугалимдер даярдалган.

Ошентип, Республика убагында мугалим даярдоодо болгон өзгөрүүлөр жалпысынан төмөндөгүдөй:
- 1924-жылкы башталгыч мектептердин мугалимдеринин программасы,
- 1925-жылдан баштап «Јнүгүүдө Биринчи Аймактар» аттуу институттардын ачылышына чейинки программаларда өзгөрүүлөр,
- «Јнүгүүдө Биринчи Аймактар» институтунун педагогикалык лицейлерге өтүшүндө өзгөрүүлөр,
- Мектепке чейинки класстарга мугалими лицейлеринин ачылышы,
- Башталгыч мектеп мугалимдери даярдаган лицейлердин ачылышы,
- Башталгыч класстардын жана орто мектеп мугалимин даярдаган эки жылдык институттардын ачылышы,
- Башталгыч класс жана орто мектеп мугалимдерин даярдаган эки жылдык жогорку педагогикалык окуу жайынын ачылышы,
- Факультеттерде мугалим даярдоо программасы болуп өзгөргөн.

а). Јнүгүүдө Биринчи Аймактык мугалим мектептери.
Республика убагында шаардык мугалимдердей эле аймактарда да мугалимдерди даярдоодо 1930-жылдарда эки маанилүү саамалык болгон.1926-жылка Агартуу Министрлигинин чечими менен «башталгыч мектеп мугалими» жана «Јнүгүүдө Биринчи Аймактык мугалим мектептери» ачылып, кайрадан 1933-жылы жабылып калган. 1932-жылы мугалим мектептеринде окуу мөөнөтү 6 жылга чыккан биринчи үч жылы орто класс билими деп эсептелип, калган үч жылы мугалимдик кесипке даярдоо болчу (Кочер, 1967).

б). А жана В курстары
1930-жылдарда А жана В курстары деп аталган өлкөнүн кээ бир чоң шаарларында ачылган курстардан бир нече жыл ичинде үч миңдей мугалим даярдалып чыккан. 1931-жылга чейин мындай курстардан миңдеген киши мугалимдик кесип алып чыкты, көптөгөн педагогикалык окуу жайын бүтүрбөгөндөр да окутуу методдорун үйрөнүштү. Мындай курстар мугалим даярдоочу үч жылдык программа боюнча иштеген. Бул курстар «Јнүгүүдө Биринчи Аймактар» институтутунун курулушунун фундаментин түзгөн. Аймактарда, айылдык мектептерде мугалим жетишпегендиктен, ушул курстардын 6 - 8 айлык бөлүмүн бүтүрүп, аскердигин өтөй тургандар да мугалим боло алышкан (Јк, 1995, 23-б).

в). Мустафа Кемаль Ататүрк жана Окутуучу проекти
«Окутуучу даярдоо» деген ой 1935-1936-жылдарда Ататүрктүн сунушу менен пайда болгон. Себеби, жалпы сабатсыз элдин кыска убакта сабатсыздыгын жоюу керек болчу. Осман Императорлугунан калган педагогикалык окуу жайлары өлкөгө керектүү санда мугалим даярдап жетише албай жаткандыктан, кыска убакыттын ичинде бардык мектептерге мугалим табуу кыйын эле. Ошондуктан элди окуганга, жазганга үйрөтө турган окутуучулар керек болгон. 1936 - жылы Ататүрк ТВММ (Межилис) ачылышында «башталгыч билим берүүнү тездетишибиз керек. Элдин сабатсыздыгын жоюу маселесин батыраак чечели, ал үчүн ыңгайлуу жолдорду табышыбыз зарыл» деп белгилеген. Ушул боюнча кийинчерээек сөз боло турган «Јнүгүүдө Биринчи Аймактар институтунун курулушу» тууралуу чечим чыгып, аймактарда ачыла турган окуу жайлары төмөндөгүдөй болчу:

1. Окутуучусу болгон курстар,
2. Мугалими бар курстар,
3. Мугалими жана окутуучусу бар курстар,
4. Пансионаты бар же жок аймактык же айылдык курстар,
5. Кечки курстар,
6. Айылдык жана аймактык кесиптик курстар,. Ошол кезде мугалим айылдагы элдин ден соолугуна да жардам берген, айыл чарба иштерин да башкара алган ар тараптуу жетишкен, көптү билген киши болуп эсептелээр эле (Чаглар, 1992, 133-135-бб, Түрк, 1999, Кодаман, 1980, Жижиоглу, 1982).

г). Аймактык мугалим мектептери.
Аймактык окутуучу курстары ийгиликтүү болгондон кийин 1937-1938-жылдарда аймактык мугалим мектептери ачылып, андан он жыл ичинде 8543 мугалим бүтүрүп чыккан. Бул аймактардын экономикалык жактан өнүгүшүнө маанилүү салым кошушкан. Айылдык карапайым кишилер айыл экономикасын өстүрүүнүнүн жолдорун окутуучулардан үйрөнүшкөн (Јзтүрк, 1998, 26-б, Јзтүрк, 1999, 253-б, Башаран, 1996, Акйюз, 1994, Түрк, 2000).

д). «Јнүгүүдө Биринчи Аймактар институту»,br>, Јнүгүүдө Биринчи Аймактар институту Түркиянын 1930- жылдардагы маданий, социал экономикалык муктаждыктарынан улам пайда болгон окутуучу жана мугалимдик курстардын уландысы болчу. Јнүгүүдө Биринчи Аймактар институтунун курулушу башка өлкөлөрдөгү окшош моделдерден таасирденген. Бул институттар 1940-жылы курулган. Бул окуу жайына алына турган окуучулар үч же беш жылдык айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү болуусу жана жалгыз мугалимдик эле эмес айылга жарай турган кесиптерди өздөштүрүп, окуусун бүтүргөндөн кийин айылга барып иштөөсү керек болчу. Бул институт 1948-жылга чейин иштеп, анан жабылып калган. Јнүгүүдө Биринчи Аймактар институту айрыкча аялдардын билим алуусунда маанилүү роль ойногон. 1953- жылга чейин өлкөдөгү мектептерге эки жылдык мугалимдик жогорку окуу жайы менен бирге мугалим даярдаган маанилүү окуу жайы болгон. (Жырытлы, 1982, Кайа, 1997, Јзтүрк, 1998, Жаңы Мыйзам, 1998, 3-4 б.).

е). Башталгыч класстардын мугалими мектеби
1953-жылга чейин эки түрдүү мектептен мугалим даярдалса мындан ары бир гана Башталгыч класс мугалими мектебинен мугалимдер окуп билим алышкан. Кыз жана эркек педагогикалык окуу жайында жаңы программалар түзүлгөн. 1974-жылдан баштап бул окуу жайларында окуу мөөнөтү Педагогикалык Лицейге айлангандан кийин 4 жылдык болду. 1973-жылы 1739- Улуттук Билим Берүүнүн Негизги Мыйзамы кабыл алынып, анда негизги билим берүү 8 жылдык болушу каралган жана ага жараша да мугалим даярдоо керек болчу. Бул үчүн бардык мугалимдердин жогорку билимдүү болушу каралган. 1973-жылкы мыйзамда «мугалимдик – мамлекеттин билим берүү, окутуу тарбиялоо жана буга байланыштуу милдеттерди ичине камтыган атайын устаттыкты керектеген бир кесип» катары каралган. Бул мыйзамда «мугалимдердин милдеттерин улуттук билим берүүнүн максаттарына жана принциптерине ылайык аткарууга милдеттүү экендиги» белгиленген. Бир жагынан мугалимдердин сапаттуу билим алышы керектиги талабы коюлган. 1975- жылы эки жылдык жогорку педагогикалык институттары 4 жылдык факультеттерге айланган (Жаңы мыйзамдар, 1998, 5-б, Билим Берүү токтомдору, 1999, 1-б).

ё). Кат аркылуу окутуу жана дистанциялык /алыстан окутуу
1974-жылы бардык педагогикалык жогорку мектептин (училище) бүтүрүүчүлөрүнүн факультеттерди бүтүрүп жогорку билимдүү болуусу үчүн окуу жайларынын «алыстан же кат аркылуу окутуу аркылуу жогорку билим» аттуу жаңы программа практикаланган жана буга 46000 окуучу катышкан. Тилекке каршы мындай жол менен Түркиянын билим берүү тармагында көптөгөн сапатсыз мугалимдер даярдалган. Албетте бул мектепте окутуунун сапатын да начарлаткан. «Тездетилген программалар» аркылуу мугалим даярдоо 1978-жылы практикаланган жана эки айлык тездетилген программа боюнча окуган мугалимдерге жогорку билими тууралуу диплом берилген. Бирок бул курстар 1979- жылы кайрадан жабылып калган.

ж). Акыркы жылдардагы жогорку педагогиткалык окуу жайлары.
1978-жылы үч жылдык Билим берүү институттарынын окуу мөөнөтү 4 жылга чыгып, Жогорку Мугалим мектептери/ педагогикалык окуу жайлары болуп калды. Мында мугалимдердин бир тармакта тереңдетилген билим алуусуна ылайык жаңы бөлүмдөр бар болчу. 1978-1979-жылында бул программага кошумча запастагы аскерлердин убактылуу мугалим болуп иштегени жана тездетилген программа менен даярдалган мугалимдер да иштеп баштаган. Жаңы курулган эки жылдык институттар көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон. 1982-жылы бул окуу жайлары жогорку мектеп болуп калды.

з). Анадолу педагогикалык лицейи.
Мугалим даярдоодо маанилүү булактардын бири болуп Анадолу лицейлери саналат. 1974-жылы мугалим мектептери лицейлерге айлангандан кийин мугалим мектебине окуучулар келбей калды жана мурунку сапаты да начарлады. Андан кийин мугалимдердин жогорку билимдүү болуусу керек деген талап коюлуп, мугалим даярдоодо жаңы жолдор изделди. 1989-1990-окуу жылында Анадолу лицейлери ачылды. 8 жылдык башталгыч билимден кийин лицейлерге кирип, үч жылдан кийин мугалим болууга болот эле. Ачылганда 18 Анадолу лицейи 1999-2000 - окуу жылында 86га чыкты. Бул лицейлерде жалпы билим берүүчү сабактардан башка педагогикалык формация (педагогикалык көндүм, билим, билгичтик үйрөткөн – окутуу методикасы, жалпы педагогика, психология, педагогикалык психология, мектепти башкаруу ж. б.) сабактары да окутулат (Ешме, 1999, 42-43-б).

и). Билим Берүү /Педагогика/ Факультеттери.
Жогорку Педагогикалык окуу жайлары жана Улуттук Билим Берүү Министрлигине караган башка мугалим мектептери 1982-жылдан баштап Билим Берүү факультеттерине айланган. Азыр болсо өлкөдө түрдүү мектептерге мугалим даярдаган мекемелер университеттрге караштуу болуп саналат (Октай, 1991, 188-б, Јзтүрк, 1999, 309-б).
1982-жылга чейин мугалимдер Табият же Филология факультеттеринде окушкан. Бирок өз тармагында жакшы билим алган менен мугалимдик көндүм, билим жана билгичтиктерге ээ эмес мугалимдер мектепке барганда кыйналышкан. 1982- жылдан баштап, мугалим даярдаган окуу жайларынын баары университеттерге караштуу болуп калды. Бул мугалимдин кесиптик статусунун жогорулатылышы, мугалимдик кесиптин өзгөчөлүктөрүнүн университеттерде илимий жактан изилдениши жана өнүккөн өлкөлөрдөгү мугалим даярдоо практикасынан пайдалануу сыяктуу көптөгөн маселенин чечилишине салым кошкон. Бирок бул дароо ийгиликке жетише алган жок.
1982-жылы мугалимдерди даярдоо жалаң гана Билим берүү факультеттерине жүктөлсө, 1983- жылы кайрадан Жогорку Окуу Жайлары Башкармалыгы жаңы программа даярдап, ошол программа боюнча иштеп башташкан. «Бардык класстын мугалимдери эч болбосо 4 жылдык факультеттерди бүтүрүшү керек» 1989-жылкы ЖОЖ Башкармалыгынын чечими менен эки жылдык педагогикалык окуу жайлары да факультеттерге караштуу болуп калды. 1983- жылы ачылган Билим берүү факультеттеринин саны 1997-жылы 54кө чыккан. Азыр болсо жалпы саны 66. Андан башка 10 Техникалык билим берүү факультеттери да бар (Кулаксызоглу, 1997, Јзтүрк, 1998, Түрк, 1999, Ташдемир, 2000). 1990-жылдарда мектептердин окуучулардын саны арткан сайын бара бара мугалимдерге талап артып, 2000-жылы 57810 мугалим керек болсо да педагогика факультеттерин бүтүрүүчүлөрдүн саны 5400 гана деп белгиленген (Түрк, 1999, 6-7-б).
Мугалим даярдаган окуу жайларында Педагогика менен Табият жана Адабият факультеттеринин (Гуманитардык) арасында бирдикте иштөө тууралуу келишим жок эле. ЖОЖ Башкармалыгы (мугалим даярдаган факультеттер да) мене Улуттук Билим Берүү Министрлигинин арасында жакшылыктуу бир келишим түзүлгөн эмес. Ошондой эле мектептер мене педагогика факультеттери арасында да байланыш курулган эмес. Мугалим даярдоодо теориялык жана практикалык билим берүү ишинде теорияга көбүрөөк орун берилип, практикага жетиштүү убакыт бөлүнбөгөн (ЖОЖБ, Жаңы Пргограмма, 1998, 15-16-б).

к). Педагогикалык формация курстары.,br>, 1979-1980- окуу жылынан баштап Түркияда факультет жана жогорку мектепти бүтүргөндөргө жогорку билими барларга Улуттук Билим Берүү Министрлигинин чечими менен университеттерде ачылган «Педагогикалык Формация курстарын» бүтүрсө мектептерде мугалим болуу мүмкүнчүлүгү берилген. ЖОЖ Башкармалыгы 1996-жылы өлкөгө керек болгон мугалимдерди жетиштүү санда даярдоо боюнча Билим берүү /Педагогика факультеттеринин мугалим даярдоо программасынын кайрадан жаңыланып түзүлүшүнө аракет жасап, ал үчүн факультеттерде бакалавр жана магистр даражасында программаларга көптөгөн өзгөрүүлөр киргизген. «Билим Берүү Факультеттери Мугалим Даярдоо Программаларынын Жаңыдан Түзүлүшү» аттуу документте белгиленгендей, 1997-жылдан баштап күчүнө кирген 4306 – мыйзам боюнча 1997-1998- окуу жылында башталган 8 жылдык башталгыч мектептерге предметтик мугалим даярдоо үчүн 1998-жылы «Башталгыч мектеп мугалими педагогикалык формация курсу» ачылган (ЖОЖБ, 1998). Бул программанын ишке ашышы үчүн ЖОЖБ көп чара көргөн.

а). түрдүү темада программаларды даярдоо үчүн бардык сабактарга тиешелүү окуу материалдары педагогика факультеттерине адабияттары менен бирге берилген.

б). Педагогика факультеттери менен мектептердин арасында бирдите иштөө үчүн байланыш курулган. Ага мисал катары «Педагогика факультеттери жана мектептердин байланышы» аттуу проекти алсак болот. Муну менен бирге ЖОЖдо «мугалим даярдоо улуттук комитети» курулган. Жаңы программадагы өзгөчөлүктүн бири анын ийгиликтүү болуусу үчүн мугалим даярдоо программасына кирген сабактардын мазмунунун кайрадан такталуусу болуп саналат. Бул тема боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй сапаттуу мугалимдерди даярдаш үчүн жаңы программа түзүү керектиги белгиленген. Ушул маселелер менен бирге педагогика факультеттеринин программаларына кошумча, кээ бир жаңы программаны практикалоодон улам бул мугалим даярдоодо маанилүү жаңырууга өбөлгө түзгөн. Акырында жалпы 16 факультет ачылган. Педагогикалык формация сабактарын берүү аркылуу мугалим даярдоодо бардык нерсени мугалим болуудан мурда үйрөнүүнүн ордуна, эң керектүү деп эсептелгендерин гана үйрөтүп, калганын мектепте иштеп жатып өз муктаждыгына жараша үйрөнөт деген көз караш жактырылган. Ар бир сабактын мугалими үчүн мектептерде практикага катышуу милдетүү деп эсептелинет. Мындай мектеп практикасы тажрыйбалуу мугалимдердин кароосу менен өтүлүшү программада бар.
Жыйынтыктап айтканда Түркия Республикасы мугалим даярдоо боюнча көптөгөн маселелер мене алпурушуп келе жатканына карабастан абдай бай тажрыйбага ээ. Бул тажрыйба билим берүү системасына 2000- жылдарда сан жана сапаттык жактан жетиштүү мугалим даярдоодо ага жакшы жол көрсөтө алат. Бирок мунун ишке ашуусу жогоруда да белгиленгендей улуттук конценсуска таянган мугалим даярдоо политикасын өнүкутүрүүдө жана бул боюнча уюмдашууга баштоо менен гана мүмкүн болот (MEB, Öğretmen Yetiştirme ve Eğitim Genel Müdürlüğü, 1999). Мугалимдер окутуп үйрөтүү, тарбиялоо боюнча түрдүү көз карашка жана тажрыйбага ээ. Мугалимдер бир гана окутуу ишин билбестен билим деңгээли, кызыгуулары боюнча бири биринен айырмаланып турушат. Ошондуктан мугалимдерге ар түрдүү көндүм, билим жана билгичтиктердин үйрөтүлүүсүндө чогуу, биргелешип иштөө керек.
Түрк билим берүү системасы мугалим даярдаган окуу жайларынын ачылышынан бери (1848-жылдан) 155 жылдык абдан бай тажрыйбага ээ. Булардын ичинен £нүгүүдө Биринчи Аймактык Институттар менен жогорку мугалим мектептери эң оригиналдуусу болуп саналат (Эрчелеби, 1997, 60-б, Yüksek Öğretim Kurulu, Ankara, 1998).

Билим берүү пленумдарында мугалим даярдоо темасы

Түрдүү убактарда чакырылган пленумдарда мугалим даярдоо темасы кайра кайра каралып, кээ бир маселелердин чечилүүсү үчүн ар түрдүү сунуштар айтылган, кээ бири практикаланган. Бул сунуштардын баары өз убагында билим берүү политикасына таасир берген, педагогикалык окуу жайларын уюштуруусунда же алардын окуу программаларында өзгөртүүлөр киргизген (Огузкан, 1983, 601-б).

Үчүнчү Агартуу кеңешинде (1926) мугалим мектептери менен башка кесиптик окуу жайларынын белгилүү бир борборлорго топтолуусу жана дагы күчтүү болуусу үчүн киришүү маселелери каралган (£залп, Атаүнал, 1983, 114-115).

1939-жылы Биринчи Билим берүү пленумунда мугалим даярдоо маселесине орун берилген. 1943-жылы Экинчи Билим берүү пленумунда билимдүү кесиптик этикага ээ, күчтүү мугалимдерди даярдоо каралган.

1946-жылы ²чүнчү Билим берүү пленумунда сегиз жылдык милдеттүү мектеп жана ага жаңү типтеги мугалим даярдоо маселеси каралган. Мында педагогикалык окуу жайларынын эки жылдык эмес, лицейди бүтүргүндөргө сегиз жылдык мектептерде иштегендей дагы сапаттуу билим алышы сунуш кылынгын.

Төртүнчү Билим берүү пленумунда (1949) Педагогикалык институттар жана жогорку мугалим мектеби ачылышы жана окуу мөөнөтүнүн эки жыл болушу сунуш кылынган.

Бешинчи Билим берүү пленумунда (1953) Башталгыч мектептерге мугалим даярдоо, £нүгүүдө Биринчи Аймактык институттар тууралуу маселе каралган.

Жетинчи Билим берүү пленумунда (1962) түрдүү мектептерге мугалим даярдоодо мугалимдердин сапатына маани берилишине көңүл бурулган.

Тогузунчу Билим берүү пленумунда мугалимдердин училищеден бүтүргөндөр факультетерге жана андан ары магистрликке окуй алуусу маселеси каралган.

Онунчу Билим берүү пленумунда мугалим болгусу келгендердин Факультетти бүтүрүшү керектиги белгиленген. 1990-жылы Онүчүнчү Билим берүү пленумунда педагогикалык факультеттер же бүтүрүүчүлөрү мугалим боло ала турган факультеттердин окуу программасына педагогикалык формация сабактары да кошулган.

Онбешинчи Билим берүү пленумунда (1996) мугалимдердин сөзсүз университтерди бүтүрүүсү, Билим берүү факультеттеринин өнүккөн шаарларда ачылуусу, окуу программаларына предметти окутуу методикасы жана китептердин анализи сабагыны киргизилиши, бардык жерде бирдей программада сабак берүү маселесине көңүл бурулуп, Анадолу педагогикалык лицейи бул факультеттин булагы катары каралган (Öğretmen Sorunları ve Eğilimleri Araştırması, 1998 ).

Мугалим даярдоодо Педагогика факультеттери менен мектептердин байланышы.
Мугалимдерди дагы сапаттуу даярдоо үчүн акыркы жылдарда мектеп менен факультеттердин арасында байланыш түзүлүүсү маселеси каралып келе жатат. Бул үчүн «Факультеттин педпрактика координаторлугу», «Бөлүмдүн педпрактика координаторлугу», «Факультетте Педпрактиканын жетекчиси», «Мектептин педпрактика координаторлугу», «Жооптуу мугалим» биргелешип иштешет. Болочок мугалимдер булар менен бирге алардык көзөмөлү алдында иштеп бул кесиптин сырларын үйрөнүшөт (MEB, Öğretmen Yetiştirme ve Eğitim Genel Müdürlüğü, 1999).

Мугалим болуу демек - мамлекеттин кызматкери болуу дегендик. Ал үчүн Педагогика жана башка факультетти бүтүрүп, мугалим болгусу келгендер, окутуу методикасына жана кесиптик өзгөчөлүктөрү, мамлекетке кызмат кылуу тууралуу сынакка кирип, андан өтсө мугалим боло алышат. Студенттер факультеттерде 4-5 жыл окуп, кесипке керектүү бардык нерсени үйрөнө алышпайт. Себеби, билим теориялык болуп берилип, практикага көп көңүл бурулбагандыктан, иштегенде мектептен көп нерсени үйрөнүшөт деп күтүлөт. Бирок жаш кесип ээлери мектепте кыйналгандыктан акыркы жылдарда педпрактикага көбүрөөк көңүл бурула баштады (Улуттук Билим берүү Министрлиги, 1997, Millî Eğitim Bakanlığı Tebliğler Dergisi, 1996 ).
Жаш мугалимдер мектепте тажрыйбалуу мугалимдер менен бирге иштөөнү каалашат. Бул алардын кесипти дагы жакшылап үйрөнүүсүнө жардам берет. Бирок алар бир бирине жардамдашып иштеши керек. Билим берүү системасында сапаттуу мугалимдерди даярдоо сапаттуу окуучуларды педагогика факультетине кабыл алууга байланыштуу. ХХ1 кылымда мугалим болуучулар илим жана технологиядагы жаңылыктарды дайыма окуп үйрөнүүсү зарыл. Өз тармагына байланыштуу окутуу методикасын билип, ага мааани берип үйрөнөт. Бул үчүн окуу программасында сабактардын сааты көбөйөт (MEB, Öğretmen Okulları Genel Müdürlüğü, 1970-1971 yıllığı).

Адабияттар,

AKYÜZ, Yahya, Türk Eğitim Tarihi, Kültür Koleji Yayınları, İstanbul 1994
ALICIGÜZEL, İzzettin, Çağdaş Okulda Eğitim ve Öğretim, Sistem yayınları, İstanbul 1998.
BAŞARAN, İbrahim Ethem, Millî Eğitimde Hedefler, Türkiye İş Bankası, İstanbul, 1999
BAŞARAN, İbrahim Ethem, Türkiye Eğitim Sistemi, MEB, Ankara, 1996.
BİNBAŞIOĞLU, Cavit, Eğitim Psikolojisi, Ankara, 1995
BİNBAŞIOĞLU, Cavit, "Cumhuriyet Döneminde İlkokul Programları", İş bankası yayını, İstanbul 1999
CİCİOĞLU, Hasan, Türkiye Cumhuriyetinde İlk ve Orta Öğretim (Tarihî Gelişimi), AÜDTCF, Ankara 1982.
CIRITLI, Hüsnü, İlköğretim Cumhuriyet Döneminde Eğitim, MEB Yayınlar, İstanbul 1983
ÇAĞLAR, Adil, Cumhuriyet Dönemide İlköğretim, MEB, 75. Yılında İlköğretim, İş Bankası yayınları, Istanbul, 1999
DEMİREL, Özcan, Karşılaştırmalı Eğitim, USEM yayınları, Ankara, 1994
EŞME, İsa., "Bugünün Öğretmen Yetiştirme Modeli:Sorunlar ve Çözüm Önerileri", Marmara Üniversitesi Eğitim Bilimleri Dergisi, sayı 11, İstanbul 1999
KODAMAN, Bayram, Abdulhamit Devri Eğitim Sistemi, Ötüken yayını, İstanbul 1980.
KOÇER, Hasan Ali, "İlkokul Öğretmeninin Yetiştirilmesi" Ankara 1991.
KOÇER, Hasan Ali, Türkiye’de Öğretmen Yetiştirme Problemi (1848-1967),
OĞUZKAN, Ferhan, Orta Dereceli Okul Öğretmenlerinin Yetiştirilmesi, MEB, İstanbul 1983
OKTAY, Ayla, "Öğretmenin Mesleği ve Öğretmenin Nitelikleri", Marmara Üniversitesi Eğitim Bilimleri Dergisi, sayı 3, İstanbul 1991
MEB, Öğretmen Okulları Genel Müdürlüğü, 1970-1971 yıllığı, Ankara 1739 sayılı Millî Eğitim Temel Kanunu, 2.baskı, MEB yayınları, 1999
On beşinci Millî Eğitim Şurası, Ankara 1996
21.6.1996 tarih, 218 sayılı Öğretmen Atama Kararı Millî Eğitim Bakanlığı Tebliğler Dergisi, 1996- 2456,
Eğitim Fakültesi Öğretmen Yetiştirme Lisans Programları, Yüksek Öğretim Kurulu, Ankara, 1998,
Öğretmen Sorunları ve Eğilimleri Araştırması, MEB basımevi, Ankara 1998
Öğretmen Adaylarının Millî Eğitim Bakanlığına Bağlı Eğitim Öğretim Kurumlarında Yapacakları Öğretmenlik Uygulamasına İlişkin Yönerge, MEB, Öğretmen Yetiştirme ve Eğitim Genel Müdürlüğü, 1999
ÖZTÜRK, Cemil, "Atatürk Devrinde Köy Öğretmeni Yetiştirme Politikası", Marmara Üniversitesi Eğitim Bilimleri Dergisi, sayı 3, İstanbul 1991
ÖZTÜRK, Cemil, Başlangıçtan Bugüne Öğretmen Yetiştirme (1948-1998), M. Ü. A. E. F. yayını, İstanbul 1998
ÖZTÜRK, Cemil, Cumhuriyet Döneminde Öğretmen Yetiştirme, 75. Yılında İlköğretim, İş Bankası yayınları, İstanbul 1999
ÖK, Muharrem, Sınıf Öğretmeni Yetiştiren Okulların Programlarındaki Gelişmeler, Millî Eğitim, sayı 125, İstanbul 1995
ÖZALP, Reşat-Ataünal Aydoğan, Millî Eğitimde Şuralar ve Kongreler, MEB Yayınları, İstanbul 1983
SAĞLAM, Mehmet, Millî Eğitimde Hedefler, MEB, Ankara 1997
TÜRK, Ercan, Türk Eğitim Sistemi, MEB’nde yapısal Değişim, Nobel Yayın Dağıtım, İstanbul 1999
TAŞDEMİR, Mehmet, Birleştirilmiş Sınıflarda Öğretim, Öğretmen El Kitabı, Ocak Yayınları, 4. Baskı, Ankara, 2000

2016-08-10 51 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10