Тымпыйма


Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн бөлмөдө, сахнада, боз үйдө, аянтчада өткөрүлөт.

Оюнчулар тегерек, уй мүйүз тарта отурушун, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Катышуучулар өзүлөрүнүн бирөөсүнүн буйругу боюнча, тымпыйып сүйлөшпөй турууга аракеттенишет. Оюн башталгандан кийин чыдабай биринчи сүйлөп жибергени жыдыйт. Жыдыган оюнчу коллектив үчүн пайдалуу иш аткарып бериши керек.

Тымпыйып эч сүйлөбөгөн оюнчу жеңүүчү болот.

Бир бирине тоскоолдук кылууга, ордуларынан турууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Катуу тартипти сактоого үйрөтөт.

2016-08-10 73 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10