Твен Марк


Твен Марк(чын аты жөнү – Сэмюэл Ленгхорн Клеменс, англисче Samuel Langhorne Clemens, 30. 11. 1835, АКШ, Миссури штаты, Флорида айылы – 21. 4. 1910, Коннектикут штаты, Реддинг) – америкалык жазуучу. 1880-жылдарга чейинки аңгемелери элдик юморго, америкалык демократияга ишенгендикке ширелген. «Аңкоолор чет өлкөлөрдө» (1869), «Телчиккендер» (1872), «Алтын кылым» (1873, Ч. Д. Уорнер менен бирге жазган), «Эски, жаңы очерктер» (1875) деген сатиралык аңгемелери Твендин атагын чыгарган. «Миссисипидеги эзелки убак» (1875) очерки, «Том Сойердин жоруктары» (1876, кыргызчасы – 1957). «Миссисипидеги турмуш» (1883), «Гекльберри Финндин жоруктары» (1884, кыргызчасы – 1969) деген романдарында социалдык курч маселелер чагылдырылган. «Ханзада менен бакыр» (1882), «Янки...» (1889), «Ачык ооз Вильсон» (1894), «Сырдуу бейтааныш» (1916) ж. б. чыгармалары бар. 20-кылымда Твен дүйнөлүк адабияттын классиги, улуттук жазуучу катары таанылган. Ал белгилүү юморист жана балдар жазуучусу да болгон. Чыгармалары көп тилдерге которулган.

2016-08-10 281 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10