Туура-Булак полиметалл кенчеси


Туура-Булак полиметалл кенчеси Ош облусунун Ноокат районунда, Кичи Алай кырка тоосунда, Кыргызата суусунун баш жагында, деңиз деңгээлинен 2860–3060 м бийиктикте. 1953–55-ж. коргошун жана цинкке издөө-баалоо иштери, 1984–91-ж. алтын жана күмүшкө текшерүү ишери жүргүзүлгөн. Девон-карбон мезгилинде пайда болгон акиташтарда же алардын негизги эффузия тектери менен болгон контактысында тарам сымал руда тулкулары жайгашкан. Руда тулкулары галенит, сфалерит, арсенопирит жана пирит минералдары бар кварц-кальциттерден турат. Калыңдыгы 1,7–9 м, узундугу 100–600 м болгон 4 руда зонасы аныкталган. Руда тулкулары бургулоо көзөнөктөрү менен 90–170 м терендикке чейин текшерилген. Руданын болжол ресурсу 15085 миң т. Рудадагы металлдардын өлчөмү: коргошундуку – 1,83%, цинктики – 0,97%, күмүштүкү – 93,7 г/т. Металлдардын болжол ресурсу: коргошундуку – 276 миң т, цинктики – 147 миң т, күмүштүкү – 1414 т.

2016-08-10 46 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10