Тушоо кесүү


Тушоо кесүү. Кыргыз эли илгертеден эле бөбөктүн эмгектей башташы, каз – каз турушу, баса башташы үчүн абдан камкордук көрүшкөн. Жаш келиндерге балдарын багууга, тарбиялоого байбичелер, бала багууга өтө жөндөмдүү аялдар жакындан жардамдашышкан. Бала тамтаң – тумтаң баса баштагандан тартып, ага атайын чыгырык жасап, баланы чыгырык менен жетелеп бастырышкан. Чоң ата, чоң эне, ата – энелер баланын баса баштаганына кубанып, тушоо кесүү тоюн өткөрүшкөн. Тушоо кесүү тоюн өткөрүүгө атайын даярданышкан. Той салт боюнча көбүнчө шаршемби күнү өткөрүлгөн. Ага катышуу үчүн айыл аксакалдарынан баштап балдарга чейин чакырылган. Тойго келгендерге атайын дасторкон жайылып, сый көрсөтүлгөн.

Баланын тоюн өткөрүү үчүн той башкаруучу дайындалат. Жарышты баштоочу жер жана мара белгиленет. Башкаруучу тойго келген аксакалдарды баш кылып эркектерди, аялдарды маранын айланасына, жердин шартына жараша катар отургузат. Жарышка өңчөй уул балдар же кыздар катышат. Чоң кишилерди жарыштырган учурлар да болот. Тушоосу кесилүүчү баланы таза кийинтип, марадан 10 – 15 метр алыстыкта атасы же апасы, же болбосо айыл аксакалдарынын бири эки бутун ала жип менен тушап кармап турат. Башкаруучунун жардамчылары жарышка катышуучуларды чуркай турган жердин башталышына алып барып тизет да, чуркоого белги берет. Башкаруучу болсо марада турат. Жарышка катышуучулар марага жарышып чуркап келишет.

Баланы атасы же апасы кармап турса, тушоону жарышта биринчи болуп келген бала кесет. Тушоону кескен бычакты же макини ошол кескен бала алат.

Баланын тушоосун аны кармап турган карыя адам кессе, ал балага " өмүрүң узун болсун, өнүп - өс, келечегиң кең болсун , элиңдин ишине жара, ата – энеңдин сыймыктанган уулу же кызы бол!" – деген сыяктуу жакшы сөздөрү менен батасын берип, тушоосун кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша белгиленген байгелер берилет.

Андан кийин тушоосу кесилип жаткан бөбөктүн үстүнө жаба мурунтадан ата – энеси даярдап койгон чачыла чачылат. Чачыланы тойго катышкандар талап кетишет. Чачыла деп момпосуй, кант, боорсок ж. б. ушул сыяктуулар аталат.

Баланын тушоосу кесилгенден кийин, аны жаш балдар колтугунан сүйөй кармап, тай – тайлап жетелеп, " сен да биздей жүгүрүп жүргүн!" – деп тилек, каалоо сөздөрүн айтышат. Ошентип, тушоо кесүү тою аяктайт.

Баланын тушоосун бешик үйдө ( ясли ) да кесүүгө болот. Бөбөк тарбияланып жаткан тайпанын тарбиячысы баланын ата – энеси менен бирдикте тушоо кесүү салтанатына даярдык көрөт. Ага бакчадагы бардык тарбиялануучулар чакырылат. Тайпанын тарбиячысы келгендерди катарга тизип тургузат. Жарыш башталчу жер жана мара белгиленет. Жарышка катыша турган 15 – 20 тарбиялануучу тандалат. Оюнчулар жарышышып, марага чуркап келишет. Баланын тушоосун биринчи болуп чуркап келген тарбиялануучу кесет. Марага келгендерге келүү кезегине жараша байге ыйгарылат. Байгеге оюнчук, дептер, карандаш, калем сап ж. б. берсе болот. Тушоосу кесилген баланы биринчи жана экинчи келген тарбиялануучулар колунан жетелешип, " сен да бизге окшоп жүгүрүп ойноп жүргүн ", - деп, тай – тайлашат. Бөбөктү тай – тайлаган тарбиялануучулар аны ата – энесине алып келишет. Баланын ата – энеси анын боюнан ылдый чачыла чачышат. Чачыланы салтанатка катышкандар терип алышат. Салтанатты ыр – күү коштоп турса абдан көңүлдүү болот.

2016-08-10 43 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10