Турусбеков Жусуп


Турусбеков ЖусупТурусбеков Жусуп 1910-жылы Тон районунун Кок-Сай айылында туулган. Кыргыз акыны жана драматургу. 1916-жылдагы которулушто падышалык аскердин жазалоосунан качкан эл менен Кытай жерине барып, революциядан кийин кайтып келген. 1921-жылдары Каракол шаарындагы балдар уйуно кабыл алынып интернатта тарбия алган.



1928-жылы «Эркин-Тоо» гезитине ишке орношуп алгачкы ыры 1929-жылы жарыяланган. Жусуп Турусбеков Тверь шаарындагы советтик партиялык мектепте билим алган. Окуусун буткондон кийин «Кызыл Кыргызстан» гезитинде жооптуу редактор, Кыргызмамбастын редактору, кыргыз мамлекеттик театрдын директору, Кыргызстан жазуучулар союзунун кенешчиси болуп иштеген.



Ж.Турусбековдун «Откон кундо», «Кыргыздар», «Эне», «Ук, жер жузу» деген поэмалары коомдук саясий темада жазылган. Анын чыгармачылыгында озгочо орунду ээлеген «Ажал ордуна» (1934-1935) драмасы ошондой эле коллективдештируу жонундо «Беш-Мойноктогу окуя» (1937) драмасы, «Бир болгон иш» (1940), «Айласыз кезигишуу» (1941) деген чакан ангемелер жана бир нече адабий сын макалалар да жаралган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон.
2016-05-23 3789 Биографиялар Жыргалбекова С. 2016-05-23