Турганбай Кылычбек


Турганбай Кылычбек (1940, Текес өрөөнү, Көк-Терек айылы) — Кытай Эл Республикасынын Шинжаң уйгур автоном районундагы кытайлык кыргыздардын белгилүү жазуучусу, акын жана драматург, "Манас" изилдөөчү. Атасын көрбөй, эненин курсагында калып өскөн Т. жетимдиктин, жокчулуктун айынан колунда бар адамдардын малын кайтарып күн өткөрдү.

Дээринде бар, тирикарак Т. бала кезинен элдик оозеки адабиятка кызыгып, уккан жомокторун жана "Манасты" эртеси өзү теңдүү балдарга айтып берип жүрдү. Ошентип эл ичинде ал "бала манасчы", "бала жомокчу" аталат. Анын адабиятка болгон кызыгуусу 1962-ж. Шинжаң педагогикалык окуу жайын бүтүргөндөн кийин башталат. Басма сөздө иштөө менен чыгармачылыгын улантып, өөрчүтүп, улам байытып отурат. Ал көркөм чыгарма жазуу менен бирге "Манасты" изилдөө ишине да белсене киришет. Ал бул жөнүндөгү эскерүүсүндө мындай деп жазат: "...Эшим колунда бар эл аксакалы болгондуктан эл ичиндеги ырчы, комузчу, манасчылар көп келе турган. Алар комуз чертип, жомок айтып, таңды таңга улай турган. Андай кезде мен такыр уктачу эмесмин. Ыр-күүсүнө кызыга бербей, жомок айтса экен, "Манас", "Семетейди" айтса экен деп турчумун. Айтылган ар бир ыр, жомок кирсиз көңүлүмө ошол бойдон орноп калчу. "Айчүрөктүн учушу" ошол кезде эсимде сакталып калган. Китептен келген эмес, Кийин чыккан "Семетейдин" ар түрдүү нускаларын окуп, өзүм жатка билчүү жерлерин салыштырып көрдүм. Мазмуну окшогон менен сөздөрү тегеле окшобойт. Ошол кезде уккан "Семетей" кандайдыр тунук, өзүнчө чебер аткарылган көркөм нуска болуп, туюла берет маа. "Жакшы ук, Тыныбек атаңдын жомогу" деген сөздөрдү бирге олтургандардан көп эле уккамын. Бирок, тектеп суроого чамам келбептир.

"Манасты" изилдөөгө кызыкканымдын бир себеби, элдик нускаларын бала кезимде көп угуп, кийин басылып чыккан ар түрдүү нускаларын окуп салыштыра караганымда болду. Мен укканда Кыяс калмак эле. Азыркы кээ бир нускаларда Толтойдун багып алган баласы делинип, акыры Семетейди жеңип чыгат. Толтой жедигер кыргызы. Мындай айтылуу айтор бир түрдүү, кулакка камсоо угулат. Мен манасчылардын оозеки айтышынан бүтүн жомокту өз кулагым менен уккамын. Ошол уккандарымдан кай жерде кандай окуя бар экени маа анык, элдик жомоктун эбегейсиз көркөмдүк күчү менен жан жыргаткан окуялары маа ошол Эшимдин айылынан сиңген", — деп жазат.

Т. өзү айткандай "Манас" эпосун изилдөөнү ортого койгон адамдардын бири. 1984-ж. Шиңжаң коомдук илимдер академиясынын илимий журналынын биринчи санында "Кыргыз эл ооз адабияты жөнүндө" деген темада уйгур тилинде жарыяланган. 1985-ж. ушул макаланы тереңдетип, кеңейтип "Ата Мекенибиздеги кыргыз адабияты жөнүндө жалпы жонунан баян" деген темада мамлекет аз сандуу улуттардын адабиятын изилдөө чогулушунда доклад жасап, бир топ кызыгууларды туудуруп, 1986-ж. Шиңжаң чөлкөмү боюнча 2-даражадагы сыйлыкка татыктуу болгон. Ошол эле жылы кыргыз коому жагынан ачылган "Манасты" талкуулоо жыйналышында "Кыргыз тил-адабият тарыхын изилдөө" аттуу макаласынын "Манас" эпосуна тиешелүү бөлүгү талкууланган. Бул "Кыргыз элдик адабиятынын шаңдуу үлгүсүн "Манас" деген ат менен 1987-ж. Шиңжаң университетинин илимий журналынын 2-санында уйгур тилинде жарык көргөн.

Кыскасы калемгер кыргыз элинин маданий кенчи эсептелген "Манас" эпосу боюнча аздыр-көптүр ой чуркатып, изденүү иштерин алып барууда.

2016-08-10 45 Башкалар Жыргалбекова С. 2016-08-10